Казакстан бакубатчылык индексинде 57-орунда

Казакстан бакубатчылык индексинде 57-орунда

Казакстан 2018-жылдагы бакубатчылык жана туруктуу экономикалык өнүгүү индексинде 57-позицияны ээледи. The Boston Consulting Group компаниясынын жылдык изилдөөсүнө дүйнөнүн 152 мамлекети катышкан.

Белгилей кетсек, рейтингдин биринчи сабына Норвегия, андан кийин Швейцария менен Исландия жайгашты. Биринчи ондукка Люксембург, Дания, Швеция, Сингапур, Финляндия, Австрия жана Нидерланды кирди. Айта кетсек, Казакстандан кийинки 58-59-орунду Аргентина менен Орусия ээледи.

SEDA – бакубатчылыкты саламаттыкты сактоо, билим берүү жана инфратүзүм өнүгүүсү камтылган 10 көрсөткүч боюнча талдоого мүмкүнчүлүк берген усул. Ал экономикалык өнүгүүнү ички дүң өнүмдүн өсүү кыймылы негизинде талдоо усулуна альтернатива катары алгачкы жолу 2012-жылы сунушталган.