Германияда Берлин евразиялык клубунун 25-мааракелик жыйыны болду

Германияда Берлин евразиялык клубунун 25-мааракелик жыйыны болду

Ачык диалог. Германияда Берлин евразиялык клубунун 25-мааракелик жыйыны болду. Бул диалог аянтчасы алты жыл мурда Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен пайда болгон. Бул жолу талкууга «Каспийдин укуктук макамы жана регион менен кызматташуунун келечеги» башкы тема болуп калды. Жыйындын ишине саясатчылар, талдоочулар жана ири немис компанияларынын жетекчилери катышты. Анын жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко, Каспийдин макамын аныктоо инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзөөрүн белгиледи жана немис бизнесин жигердүү кызматташууга чакырды. Мындан тышкары, «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрүнүн бет ачары өттү.

РОМАН ВАСИЛЕНКО, РК ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Актауда өткөн жана Каспий деңизинин макамы жөнүндөгү Конвенцияга кол коюу менен жыйынтыкталган Каспий жээгиндеги мамлекеттердин тарыхый саммитинин алкагында, Казакстан жана Каспий аймагындагы башка мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташуу жүргүзүү үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр боюнча кызыктырган баарлашуу болду. Анан серепчилердин пикири боюнча, биринчиден Германия транспорт жана логистика чөйрөсүндө, ошондой эле, Каспий деңизиндеги табигый ресурстарды өздөштүрүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыктар болуп жатат.

САША ТРЕППТЕ, ДУЙСБУРГ ПОРТУНУН СТРАТЕГИЯ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Бул платформа эл аралык рыноктогу түрдүү тармактардын адистери ортосундагы пикир алмашуу үчүн абдан кызык. Мында болочок кызматташуу боюнча маанилүү маселелер козголот жана форум өз ара талкууга, алгачкы байланыш түзүүгө жана өзүбүздү таанытууга шарт түзөт. Биздин көз караш боюнча, Казакстан абдан маанилүү транзит өлкөсү жана Кытайга карай дарбаза.