Казакстан-АКШ байланыштары

Казакстан-АКШ байланыштары

Астанада кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Казакстан-АКШ комиссиясынын отуруму өттү. Казакстан Тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашыкбаев Түштүк жана Борбор Азия боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс башында турган АКШнын делегациясы менен жолугушту. Тараптар президент Нурсултан Назарбаевдин үстүбүздөгү жылдын үчтүн айында АКШга болгон сапары алкагында кол коюлган беш келишимдин аткарылуусу, Казакстандын БУУ Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү менен Борбор Азия аймагындагы коопсуздук менен туруктуулукту сактоо тууралуу демилгелерин талкуулашты. Элис Уэллстин айтымында, эки өлкөнүн маданий–гуманитардык жана ишкердик байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөрү арбын.

ЭЛИС УЭЛЛС, АКШнын ТҮШТҮК ЖАНА БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ЖАРДАМЧЫСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биз ортодогу сүйлөшүүлөрдү улантып, эки жактуу жана дүйнөлүк деңгээлдеги карым-катнаштарды талкуулоого даярбыз. Бул эки тараптын өз ара эффективдүү кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин  билдирет деп ойлойм. Ошондой эле, алдыдагы убакытта Казакстандын үч тилде билим берүүгө өтүү демилгеси талкуулана турган жолугушуу өткөрүү мерчемделген.