Пан Ги Мун: Дүйнөлүк маселелерде Казакстандын таасири алгылыктуу деп эсептейм

Пан Ги Мун: Дүйнөлүк маселелерде Казакстандын таасири алгылыктуу деп эсептейм

Казакстан – дүйнөлүк даражадагы реформатор, дешет көпчүлүк серепчилер. Мамлекет эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө, адамзаттын жалпы өнүгүшүнө багытталган демилгелери менен белгилүү. Жылдар бою Казакстандын сунуштары дүйнө коомчулугу тарабынан жогору баага ээ болуп келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Республиканын демилгеси менен даярдалган ядролук куралдан эркин дүйнө түзүү тууралуу Жалпыга тиешелүү декларация жапырт колдоо тапканы – ушунун дагы бир далили. Өлкө Борбор Азияда гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы маселелерге канчалык деңгээлде таасир эте алды? БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мундун айтымында,  казак тарап туруктуу өнүгүү максатында климатты өзгөртүү жараяны тууралуу Париж келишимин ишке ашырууга жигердүү түрдө катышуусу керек.

ПАН ГИ МУН,  БУУнун МУРДАГЫ БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Советтер союзу тарагандан кийин өзүнчө өлкө аталган Казакстан Президент Нурсултан Назарбаевдин туура саясатынын аркасында өнүгүүнүн даңгыр жолуна түштү. Жаңы ийгиликтерге жетти. Өлкөнүн жаркын келечеги башталды. Казакстан тынчтык менен туруктуулуктун бешигине айланды. Ошондуктан жеке эле Борбор Азияда эмес, дүйнөлүк маселелерде да Казакстандын таасири алгылыктуу деп эсептейм.