КР БУУ КК: Өлкө башчысы койгон милдеттер толугу менен аткарылды

КР БУУ КК: Өлкө башчысы койгон милдеттер толугу менен аткарылды

Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги миссиясы ушул жылдын бештин айынын 31де соңуна чыгат. Ага чейин өлкө делегациясы дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого багытталган жигердүү ишин улантат. Республиканын өкүлдөрү терроризм менен күрөшүү, Жакынкы Чыгыштагы жана башка дүйнөлүк чакырыктарга жооп берүү үчүн тиешелүү чечимдерди сунуштап, ачык дебаттарга катышып жатат. Казакстандык делегация дүйнөлүк тынчтыкты бекемдөөгө багытталган демилгелерди да көтөрүп келет.

КАЙРАТ УМАРОВ, КР БУУнун АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Ар бир өлкө өзүнүн эгемендигин коргойт. Ар бир өлкө үчүн өз кызыкчылыктарына тиешелүү сын-пикирлер айтылганда терс көз караш калыптанып, ортодо жаракка кетүүсү мүмкүн. Казакстандык дипломаттардын карманган саясаты кырдаалды татаалдаштырбай, оң чечимин табууга мүмкүнчүлүк берет. Менин оюмча, биз Президент алдыбызга койгон милдеттерди толугу менен аткардык. Бүгүнкү күндөгү өтө татаал  саясий маселелерди чечүүдө чынчыл брокер, модератор жана жардамчы боло билдик.

Кайрат Умаровдун айтымында, Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде пайда болуусу дүйнөдөгү өзгөрмө геосаясат кырдаалы менен да келди. Бирок, өлкө туура чечимдерди таап, дипломатиялык кадамдар аркылуу саясат кырдаалын туруктуу кармай алды.

КАЙРАТ УМАРОВ, КР БУУнун АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Жалпылап алганда, өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин алдыга койгон 7 артыкчылыгы аткарылып, толугу менен иш жүзүнө ашты. Көптөгөн маселелер боюнча алдыга жылуу бар. БУУнун Башкы Ассамблеясы менен Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү биздин өлкөнүн аткарган жумушун абдан жогору баалашты. Ошондой эле, Казакстан Республикасынын Коопсуздук Кеңеш курамына кирүүсү өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен туш келди. Ал эми БУУга мүчө 60 өлкө азыркы күнгө чейин мүчөлүккө кире алган эмес. Биз 193 өлкөнүн ичинде башкы органга өтө алган элитанын катарына кошула алдык. Бул – чоң сыймык.

БУУ Коопсуздук Кеңешиндеги жумушунун алкагында көптөгөн туруктуу эмес мүчөлөр өлкөнүн курч эл аралык же аймактык көйгөйлөр боюнча толук маалыматка ээ экендигине ынанышып, салмактуу, оң чечимдерди кабыл алаарына ишенимдүү болгон казак тараптын добушун башчылыкка алды. Жакында Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги жумушу соңуна чыгат. Казакстандын мүчөлүгү эл аралык уюм менен Борбор Азиянын байланышын бекемдеди. Эки тарап мындан кийин тынчтык менен коопсуздукту сактоодо ишенимдүү өнөктөш катары биригип аракет кылат.