Казакстандын дүйнөлүк аренадагы орду

Казакстандын дүйнөлүк аренадагы орду

Казакстандын дүйнөлүк саясий картада салмактуу орду бар. Бул өлкөнүн дүйнөлүк элдештирүүчү, антиядролук кыймылдардын лидери жана эл аралык терроризм менен күрөштөгү башкы өлкө катары караштырып, моюндалганын көрсөтөт. Аны менен катар, чет өлкөлүк серепчилердин пикиринде, Казакстан Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон бери дүйнө өлкөлөрүнө экономикалык өнүгүү жана Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздуктун оң үлгүсүн көрсөтө алды.

ХЕНК НИБУР, НИДЕРЛАНДЫДАГЫ КР АРДАКТУУ КОНСУЛУ:

- Казакстан жана Нурсултан Назарбаев ар тарапттуу демилгелерди ишке ашырууда дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө үлгү. Аны менен бирге Сирия боюнча өткөн Астана жараяны менен Казакстандын ядролук куралсыздандыруу тармагында аткарган ролуна баа жетпейт.

Казакстандын демилгелери чындыгында жаңы дүйнөлүк коркунучтарга өз мезгилинде берилген жооп катары саналат. Чет өлкөлүк саясатчылардын айтымында, алардын бардыгы дүйнөдөгү коопсуздукту камсыз кылууда өз салымын кошкон.

АНДРЕЙ МАМЫКИН, ЕВРОПАЛЫК ПАРЛАМЕНТТИН ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан Республикасы чейрек кылымдын ичинде Борбор Азия аймагындагы лидерге, эл аралык сахнада жана БУУнун деңгээлинде таасирдүү мамлекетке айлана алды. Бул абдан кубандырат.