БУУдагы Казакстандын демилгелери

БУУдагы Казакстандын демилгелери

Тынчтык, туруктуулук жана коопсуздук. Казакстандын эл аралык аренадагы бардык демилгелери дал ушул максаттарга жетүүгө багытталган. Алардын бири Азиядагы өз ара аракет жана ишеним чаралары тууралуу конференцияга тиешелүү атайын форум түзүү болгонун белгилеп кетүү керек. Кийин Ядролук сыноолорго жапырт тыюу салуу тууралуу келишимге кол коюу. Ядролук куралды таратпоодогу Казакстандын ролу МАГАТЭнин колдоосу менен аз байытылган уранды түзүү аркылуу, тынчтык ядролук энергетикага жеткиликтүүлүктү жеңилдетүүгө жана өлкөнүн өздөрүнүн байытуу программаларын даярдоосуна жол бербөөгө багытталган. Эл аралык серепчилер белгилеп өткөндөй, көптөгөн өлкөлөр ядролук куралдан баш тартуу жагынан казакстандын тажрыйбасын изилдөөгө кызыктар.

КОЛЛЕР ШЕХУ МУСА, СЕРЕПЧИ / НИГЕРИЯ:

- Мен Казакстан жапырт кырып-жок кыла турган куралдан кандай баш тартканын билдим. Түндүк Кореяга эл аралык коомдун, айрыкча куралсыз дүйнөнү түзүп жаткан өлкөлөрдөн колдоо керек деп эсептейм. Бул ишенимди жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт.

Терроризмден эркин дүйнөгө жетүү. Бул – Казакстандын БУУ Коопсуздук Кеңешине төрагалык кезинде Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен ишке ашырылган дагы бир долбоор. Быйылкы жылдын аяк оона айында өлкө башчысы коопсуздукту камсыз кылууда жооптуу өлкөлөрдү белгилеп, атайын кодексти даярдоону сунуштаган. Абдан маанилүү документке 70тен ашуун өлкөнүн лидери кол койду. Казакстан Республикасы тарабынан айтылган ушул жана башка да сунуштарды чет өлкөлүк серепчилер жогору баалашат.

ГАБРИЭЛЬ ЛАНСКИ, LGP ЭЛ АРАЛЫК АДВОКАТ БЮРОСУНУН БАШКАРУУЧУ ШЕРИКТЕШИ, ЮРИДИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Казакстандын БУУ Коопсуздук Кеңешиндеги иши, Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү, ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн өткөрүүсү ушунун баары дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркты билдирет. Анткени, Европанын келечеги Евразиянын келечеги менен тыгыз байланыштуу. Биз Европа менен Азиянын ортосундагы көпүрө катары саналган Казакстан сыяктуу шериктешибизге кубанычтабыз. Бул өз кезегинде Президент Нурсултан Назарбаев жүргүзүп жаткан саясат менен түз байланыштуу. Өлкөнүн башкы функциясы – Кытай менен АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн ортосундагы өтө чоң айырмачылыкты эске алып, татаал геосаясий маселелерди чечүүгө катышуу. Бул өлкөдөгү туура саясаттын маанилүү аспектиси.

Серепчилердин пикиринде, Казакстандын БУУ системасына кирүүсү – тышкы саясаттагы маселелерди ишке ашырууга ташталган маанилүү кадам. Белгилеп айтканда, мамлекеттин Уюмга мүчөлүгү коомдук–саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка да тармактардагы жаңырууну мындан ары өнүктүрүү менен бирге ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.