БУУ: Казакстандын дүйнөлүк демилгелери

БУУ: Казакстандын дүйнөлүк демилгелери

Көз карандысыздык жылдардын ичинде Казакстан дүйнөлүк анти ядролук кыймылынын лидери аталып, тынчтык курууга умтулган кадамы ийгиликтүү ишке ашып келет. Ядролук сыноолорго жапырт тыюу салуу келишим Уюмунун аткаруучу катчысы Лассина Зербонун пикиринде, дүйнөдө тынчтыкты сактоо ишинде Өлкө башчысынын орду өзгөчө. «Ядролук куралдан кутулса да, Казакстан Республикасы жапырт кыруу куралынан азат дүйнө үчүн кыймылынан четте калган жок. Тескерисинче анын эң жигердүү мүчөлөрүнүн бири болду», -дейт Лассина Зербо. БУУнун 100 жылдыгына карай, 2045-жылга чейин дүйнөнү ядролук куралдан азат кылуу боюнча Өлкө башчысынын демилгеси, Ядролук сыноолорго жапырт тыюу салуу тууралуу келишим Уюмунун да негизги багытына айланган.

ЛАССИНА ЗЕРБО, ЯДРОЛУК СЫНООЛОРГО ЖАПЫРТ ТЫЮУ САЛУУ ШАРТЫ УЮМУНУН АТКАРУУЧУ КАТЧЫСЫ:

- Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгелери – ядролук сыноолордун оор натыйжаларын эске салып эле койбостон, жапырт кырып-жок кылуу куралын таратпоо жана куралсыздандыруу максатында алгылыктуу иш-аракет кылууга үндөп жатат. Ушул жараянда Казакстан көч башында. Быйыл "Өткөндү эске алып, келечекке карайлы» аттуу эл аралык конференция уюштурганыңарга ыраазычылык билдиребиз. Куралсыз дүйнө силердин демилге боюнча Ядролук сыноолорго каршы эл аралык күндүн аркасында түзүлүп жатат.

Казакстандын борбору Сириядагы чыр-чатактарды жол-жоболоштурууга багытталган эффективдүү аянтка айланды. Астанада 11-жолу ушул өлкө өкмөтүнүн өкүлдөрү, куралданган оппозиция, Түркия, Орусия жана Иран сыяктуу кепилдик берүүчү өлкөлөр, ошондой эле БУУнун атайын өкүлү чогулду. Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк серепчилер Астана жараянында кабыл алынган чечимдердин маанилүүлүгүн жогору баалашат.

АНДРЕЙ МАМЫКИН, ЕВРОПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ:

- Сириядагы  кырдаал өзгөрдү деген үмүт бар. Казакстандын тышкы иштер министрлиги бул жыйынга жакшы даярданган. Катышып жаткан делегациялар менен солгундуу оппозиция өкүлдөрү маанилүү маселелерди козгоп жатышат. Дал ушундай раунд мурда өткөн эмес деп ойлойм. Биринчи күнү топтор эки жактуу карым-катнашта сүйлөшө аларын көрсөтүштү. Үч кепилдик берүүчү өлкө – Орусия, Иран жана Түркия жолугушту. Күн тартибинде Сириянын аймактык биримдик маселеси кеңири талкууланууда. Бул багытта бир аз дипломатиялык аракеттер колго алынып жатат. Ошондуктан эртеби, кечпи Сирияда тынчтык жашоо башталарына ишенем. Бүгүнкү күндө өлкөнүн абалын жакшыртуу үчүн керектүү бардык дипломатиялык аракеттер жасалып жатат.

Туруктуу эмес мүчө катары катышкан Казакстандын тынчтыкты сактоо тууралуу аракеттери менен дүйнөлүк демилгелери БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жумушунда жигердүү ишке ашууда. Серепчилердин айтымында, эң биринчи, бардык тынчтык миссияларын ийгиликтүү өткөрүү жөндөмдүүлүгү мамлекеттин туура тышкы саясатын камсыз кылат.