БУУ КК курамындагы Казакстандын кызматы

БУУ КК курамындагы Казакстандын кызматы

Мамлекет тарыхындагы жаркын мезгил. Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги жумуштарынын алдын ала жыйынтыктары чыкты. Өлкөнүн Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов белгилеп өткөндөй, быйылкы жыл өтө жоопкерчиликтүү жана маанилүү болду.

КАЙРАТ АБДРАХМАНОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- 2017-жылдын үчтүн айында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө арнаган саясий кайрылуусунда Президент Нурсултан Назарбаев биздин кызматыбыздын негизги басымдуулуктарын белгилеп берген. Бул биздин өлкөнүн аталган абройлуу Уюмдун курамындагы ишмердүүлүгүнүн биринчи айы эле. Ошол белгиленгендердин бардыгы иш жүзүндө колдонулуп жатканын айтып өткүм келет. Бул жерде Казакстандын жапырт куралсыздандыруу, ядролук куралды таратпоо тармагында кабыл алынган так иш-чаралары тууралуу айтылып жатат. Ошондой эле, БУУнун Башкы Ассамблеясы ушуну менен экинчи жолу Өлкө башчысынын ядролук куралдан азат, тынч дүйнөгө жетүү тууралуу декларациясына колдоо көрсөттү.

Үстүбүздөгү жылдын аяк оона айынын жыйырма сегизинде Казакстан Президентинин дагы бир демилгеси – терроризмге каршы күрөшүү кодекси БУУ мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан.

КАЙРАТ АБДРАХМАНОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Албетте, бул жерде Өлкө башчысынын кадыр-баркын белгилей кетүү керек. Ал документ карым-катнаштары чыңалып турган Иран менен Сауд Арабиясы, Катар, Түркия жана башка да мамлекеттерди бир максатка жетүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырды. Алардын бардыгы Казакстан президентинин 2045-жылы БУУнун жүз жылдыгында ядролук куралдан, терроризмден азат, тынч мамлекет түзүү тууралуу  чакыруусун бир ооздон колдошту.

Коопсуздук кеңешинде Казакстандын төрагалыгы менен дагы бир демилге ишке ашырылды. Ал Африка континентинде туруктуулук менен коопсуздукту орнотууга багытталган.

КАЙРАТ АБДРАХМАНОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Бул жакында гана Казакстандын жетекчилиги менен ишке ашырылды. Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сомали менен Эритреяга тиешелүү санкциялар боюнча комиссияга төрагалык кылганбыз. Көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрү бир ооздон Эритреядан санкцияларды алып салуу тууралуу чечимди колдоп жатышат. Бул да Казакстандын Кеңештеги кызматынын бир көрсөткүчү болду. Биздин саясатыбыз ушул мамлекетти сүйлөшүүгө чакыруу жана көп жылдардан бери чатакташып келген Эфиопия менен ынтымакка келтирүү болгон.

Мындан башка, Казакстан Сирия кагылышууларын иреттөөгө да катышып жатат. Аткарылган жумуштардын натыйжасында деэскалация аймактары пайда болуп, чыңалуу басаңдады. Ал эми азыр казакстандык тынчтык куруучулар БУУнун миссиясынын курамында Ливан аймагындагы коопсуздукту сактоого салым кошуп жатышат.