БУУ Казакстандын ролун өзгөчө баалайт

БУУ Казакстандын ролун өзгөчө баалайт

БУУ Казакстандын ролун өзгөчө баалайт. Республика дүйнөдөгү тынчтык куруу менен келишимди жайылта турган, коопсуздукту сактоого таасир эткен көп маанилүү чечимдердин автору катары таанылган. Чатакташкан тараптарды тынчтыкка чакырган бир нече протоколду кабыл алууга демилгечи болду. Кагылышуулардын алдын алуу боюнча стратегияга Казакстандын демилгеси менен биринчи жолу ядролук куралды таратпоо боюнча сунуш киргизилди. Анын далили катары мамлекет өз эрки менен дүйнөдөгү төртүнчү орунда турган Семей ядролук полигонун жапкан. Ошондуктан Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмунда Ядролук сыноолорго каршы эл аралык күнүн жарыялоо тууралуу демилгеси жыл сайын жогору бааланат жана  белгиленет.

ХАЛЕД ХИАРИ, ТУНИСТИН БУУдагы ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Дүйнөлүк жараяндагы Казакстандын ролун өзгөчө белгилеп өткүм келет. Ядролук отун банкын түзүү, Казакстандын ядролук куралды жоюу жана таратпоо тууралуу ниети алгалап бара жатат. Ошондой эле, дүйнөдөгү тынчтык менен келишимди сактоо маселесине келе турган болсок, Казакстан көпчүлүккө үлгү. Ядролук куралга ээ мамлекеттер, бул куралдан тынч элге чоң коркунуч бар экенин түшүнүүсү керек. Мындай курал террористтердин колуна түшсө эмне болот деген коркунуч бар. Бул дүйнөлүк коомчулук үчүн кооптуу. Бул нерсеге жол бербешибиз керек. Ошондой куралга ээ өлкөлөр, Казакстан сыяктуу андан баш тартканын каалайбыз. Казакстандын аркасы менен бүгүнкү ядролук сыноолорго каршы күрөшүү күнүн белгилеп жатабыз.