Казакстандын тынчтык куруу демилгелери

Казакстандын тынчтык куруу демилгелери

Чет өлкөлүк серепчилер дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөөдөгү Казакстан менен Нурсултан Назарбаевдин жеке ролун талкуулашты. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Астанада өткөн Сирия чыңалуусуна тиешелүү сүйлөшүүлөр менен ядролук куралсыздандырууга байланыштуу демилгелерин белгилешүүдө.

НИКЛАС НИЛЬССОН, КООПСУЗДУК ЖАНА ӨНҮГҮҮ САЯСАТЫ ИНСТИТУТУНУН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ /ШВЕЦИЯ/:

- Бириккен Улуттар уюмунун туруктуу эмес мүчөсү катары Казакстан Ооганстан маселесин бир нече жолу көтөргөн. Бул көйгөй чындыгында бар. Ошондуктан ага көз жума албайбыз. Казакстан ушул маселени чечүүдө лидерлик ролду аткарып жатат. Муну белгилей кетпесек болбос. Бул демилге Борбор Азиядагы кырдаалды болушунча туруктуу жана коопсуз кылат деген ойдомун.

Дүйнөлүк серепчилер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөөдөгү Казакстандын ролуна гана токтолушкан жок. Алар Өлкө башчысынын тынчтык менен келишим идеясынын аркасында көптөгөн өлкөлөрдүн байланышы менен өнөктөштүгүнүн бекемделе түшкөнүнө токтолушту.

МУСТАФА ШЕНТОП, УЛУУ УЛУТТУК ЧОГУЛУШТУН ВИЦЕ-СПИКЕРИ /ТҮРКИЯ/:

- Ар бир өлкөнүн тарыхында кыйын учурлар болот. Түркия үчүн ушундай күн 2016-жылдын теке айынын он беши болду деп ойлойм. Ошол кезде өлкөдө аскерий төңкөрүш жасалмак болду. Ушундан кийин биздин өлкөбүзгө чет өлкөлүк мамлекеттик ишмерлердин ичинен Нурсултан Назарбаев биринчилерден болуп колдоо көрсөттү. Ал 2016-жылдын баш оона айынын бешинде Түркияга келди. Бул силердин ажоңордун коопсуздук менен өнөктөштүктү орнотуудагы маанилүү ролун түшүндүрөт деп ойлойм.