БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги тарыхый чечим

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги тарыхый чечим

Казакстандын демилгеси боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарыхый чечим кабыл алды. Белгилей кетсек, демилгени Коопсуздук Кеңештин бардык мүчөсү колдоду. Казакстандын аракеттеринин аркасында Эритреяга каршы санкциялар алынды. Африкалык өлкө 2009-жылдан бери дүйнөдөн обочолонуп калган. Үстүбүздөгү жылдын кулжа айында бүткүл дүйнө Эритрея менен Эфиопиянын ортосундагы тарыхый достукка күбө болгон. Эки өлкөнүн башчылары саясий эрк көрсөтүп, 80 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйган 20 жылдык тирешүүнү токтотушкан. Бул окуя жакындашуу жана эки шаардын ортосундагы жогорку деңгээлдеги биринчи байланыштарга жол ачты. Эскерте кетсек, Казакстан Африкадагы тынчтыкты жана коопсуздукту орнотууга жетекчилик кылган. Бул Нурсултан Назарбаев белгилеген Казакстандын Коопсуздук Кеңешиндеги  7 артыкчылыктардын бири.

КАЙРАТ ОМАРОВ, КАЗАКСТАНДЫН БУУдагы ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан Африкадагы тынчтык менен коопсуздукту бекемдөөгө болгон умтулуусун алдыга коюп, Эритреяга каршы санкцияларды алып салуу тууралуу чечимге добуш берди. Биз БУУ Коопсуздук Кеңешинин Сомали менен Эритреядагы санкциялар тууралуу комитетинин төрагасыбыз жана бүгүнкү жыйынтыктар менен сыймыктана алабыз. Өлкөбүздүн ушул аймактагы акыркы ийгиликтери Африканын башка бөлүктөрү менен башка өлкөлөрдөгү кагылышууларды чечүүдө үлгү болооруна ишенебиз.