Казакстандагы Өзбекстан жылы

Казакстандагы Өзбекстан жылы

Казакстандагы Өзбекстан жылы мамлекеттердин эки жактуу карым-катнашынын өнүгүшүнө көрүнүктүү таасир берди. Астанадагы өзбек этно маданий борборунун төрагасы Шерзод Пулатовдун айтымында, 2018-жылы ишке ашкан бул демилге тараптардын ортосундагы ар түрдүү багыт боюнча өнөктөштүк орнотууга жол ачты. Казакстандагы Өзбекстан жылы алкагында 200гө жакын иш-чара уюштурулду. Алардын бири – жакында Чымкент шаарында өткөн бизнес-форум. Жыйында өлкөлөрдүн ортосундагы туризм багытында аткарылган жумуштар корутундуланды. Ошондой эле, Борбор Азиянын туристтик өнүмдөрүн Орусия, Европа өлкөлөрүнө чыгаруу жана аймакка келе турган саякатчылардын агымын көбөйтүү маселелери талкууланды.

ШЕРЗОД ПУЛАТОВ, АСТАНА ШААРЫНДАГЫ ӨЗБЕК ЭТНО МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Бул аймак аралык форум болду. Ал жерде Казакстан менен Өзбекстан Республикаларынын шаар жана облус акимдери түрдүү меморандумдарга кол коюшту. Жалпы келишимдердин баасы бир миллиард теңгени түзүп жатат. Бул Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүсүн 5 миллиардга жеткирүүдө алгылыктуу салым болот. Менимче өлкө башчылары койгон тапшырмалар убакытынан мурда аткарылат.

Казакстан менен Өзбекстан маданий байланышты өнүктүрүүгө да маани берип келет. Быйыл эки мамлекеттин аймагында  элдердин маданияты менен тарыхынан кабар бере турган борборлор ачылды.

ШЕРЗОД ПУЛАТОВ, АСТАНА ШААРЫНДАГЫ ӨЗБЕК ЭТНО МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Өзбекстан президенти маданий карым-катнашты жандандырууга терең маани берип жатат. Ушул жылдын жалган куран айында ал Улуу ойчул Абай Кунанбаевдин мурастарын изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп өткөн. Ал эми Астанада Алишер Навои жана башка түрк элдеринин окумуштууларына арналган адабий кечелер өтүп турат. Анткени алар Борбор Азия аймагына бирдей белгилүү инсандар.

Өз кезегинде 2019-жыл Өзбекстанда Казакстан жылы деп жарыяланды.