Казакстан менен Кувейттин кызматташтыгы

Казакстан менен Кувейттин кызматташтыгы

Казакстан менен Кувейт кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар. Арабия жарым аралында жайгашкан мамлекет Казакстанды Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү катары карайт. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда визалык режимди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тараптар туризмди биргеликте өнүктүрүүгө кызыктар. Мисалы, арабдар лыжа тебүүнү, тоого чыгууну жана куш менен аңчылык кылууну каалашат. Ал эми казакстандыктар болсо Перс булуңун, белгилүү мунараларды, ири соода борборлору менен мечиттерди көрүүнү кыялданышат.

ЮСЕФ МҰСТАФА АБДУЛЛА, КУВЕЙТТИН ТУРИЗМ СЕКТОРУНУН ӨКҮЛҮ:

- Былтыр Кувейтке 7 миллион турист келген. Алардан түшкөн  киреше 500 миллион кувейттик динарды түздү. Бул чек эмес. Жаңы багыттарды өнүктүрүүдөбүз.

Кувейттин азык-түлүк импортунун үлүшү да жогору. Мисалы, алар татымалдарды Индиядан, эт өнүмдөрүн Австралиядан алышат. Ошондуктан алардын рыногу Казакстандын ишкерлери үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

АЛМАС АБДРАМАНОВ, КУВЕЙТТЕГИ КАЗАКСТАНДЫН ЭЛЧИСИ:

- Кувейт биздин өлкөнүн азык-түлүк өнүмдөрүнө кызыгып жатат. Айрыкча, алар казакстандык этти жактырышат. Көпчүлүк Казакстандан алып келинген эттин сапаты менен табигый тазалыгын белгилешет. Бул өнүмдү өлкөгө бир нече завод жеткирет. Биз аларды Кувейттеги ритейл өкүлдөрү менен байланыштырабыз. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө эки мамлекет өз ара кызыгууну жарата турган багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Алар экономикалык, саясий жана маданий тармактарда карым-катнаш орнотууга багытталган.