БУУ КК курамындагы Казакстандын кызматы

БУУ КК курамындагы Казакстандын кызматы

Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин курамында дүйнөдөгү коопсуздук менен тынчтыкты бекемдөө саясатын улантууда. Кезектеги жыйында уюмдун мүчөлөрү Африка менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты. Эл аралык серепчилер Казакстандын ааламдык маселелерди чечүүдөгү ишин жогору баалышты. Ошону менен бирге, алар Казакстандын маанилүү резолюциялардын кабыл алынуусуна кошкон чоң салымын белгилешти. Экваториалдык Гвинеянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Хоб Обианг өз ыраазычылыгын билдирди. Эске салсак, Борбор Африкадагы мамлекет Коопсуздук Кеңешинин 2018-2019-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү.

ХОБ ОБИАНГ, ЭКВАТОРИАЛДЫК ГВИНЕЯНЫН БУУДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз көбүрөөк Конго тууралуу сүйлөштүк. Ошондой эле, Сирияга да көп убакыт бөлдүк. Палестина маселесин да талкууладык. Казакстан негизги ролду ойнойт. Биз Казакстандын БУУдагы өкүлдөрүнүн ишине таң калып жатабыз. Биз алар менен жакшы кызматташабыз. Келечекте Казакстандын дүйнөдөгү ролу дагы жогорулайт деп ойлойм.