Казакстан-Словакия бизнес форуму

Казакстан-Словакия бизнес форуму

Казакстан менен Словакия соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүдө. Бул тууралуу эки өлкө өкмөт башчыларынын катышуусу менен өткөн биргелешкен бизнес-форумда айтылды. 120га жакын ишкер B2B жолугушууларын өткөрүп, агро жана иштетүү өнөр жай секторундагы, унаа – логистика тармагында, анын ичинде «Бир кур – бир жол» демилгесинин алкагында кызматташтык маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, Словакия менен Казакстандын ортосунда ишенимдүү саясий диалог орногон. Аны менен катар, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү багытында да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

 НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН СЫРТКЫ СООДА ПАЛАТАСЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстандан Словакияга экспорттоло турган өнүмдүн көп бөлүгү газ. Чийки зат өнүмдөрү. Словакия Европадагы унаа өнөр жайынын лидери. Бир жаранга 134 унаа туура келет. Алар Казакстанга да экспорттолот. Форумга Словакиядан айыл чарба жана өндүрүштүк компаниялары келет.