Казакстандын жаңы бренди – Саамал экспорту

Казакстандын жаңы бренди – Саамал экспорту

Казакстандык дагы бир өнүм эл аралык рынокту багындырууда. Жаңы саалган бээнин сүтү – саамал – жаңы брендге айланып жатат. Европа менен Азия жашоочулары тарабынан шыпаалык суусундукка болгон суроо-талаптын жогорулашы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мисалы, кийинки жылы Караганды облусунда бээ сүтүнөн балдар тамагын даярдай турган жаңы заводдун курулушу башталат. Саамалдын уникалдуу табигый курамы менен эне сүтүнүн окшоштугу байыртадан белгилүү. Долбоордун наркы 3 миллиард теңгени түзүп жатат. Заводдо жылына болжол менен 100 тонна өнүм чыгаруу көздөлүүдө. Белгилей кетсек, быйылкы жылы бээ сүтүнүн касиеттерин изилдеген окумуштууларга 7 грант бөлүнгөн.

 АМИРХАН ДАНИЯРОВ, ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА БАШКЫ АДИС:

- Биз сублимация адисинин жардамы менен саамалды кургатабыз. Анын курамында жасалма кошулма болбойт. 100 пайыз таза өнүм. Бээ сүтү менен эне сүтү курамынын ортосундагы окшоштук 90 пайызды түзөт.

Алдыдагы убакытта кургак бээ сүтүн Кытайга экспорттоо көздөлүүдө. Ушул максатта өлкөдөгү эң ири өндүрүүчү сырткы рынокко багытталган жеке завод салууну көздөп жатат. Ушундай жагдайларда жаңы саалган бээнин сүтү пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок Кытай өлкөсүнүн жашоочулары сублимацияланган өнүмдөн дарылана алат. Себеби, кургатуу жараянынын мезгилинде саамалдын шыпаалык касиети жок болуп кетпейт. Анын даамы, түсү жана курамында да эч өзгөчөлүгү жок.

КАДЫРБЕК МЕЙРАМБЕКОВ, КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Өлкө башчыбыздын кулжа айындагы расмий сапарынан кийин биз келишим түздүк. Эми комиссия келип, биздин заводдун жумушун көрүп кетиши керек. Мындан кийин биз өнүмдү Кытайга экспорттоону баштайбыз. Азыр уруксат документтерин жол-жоболоштуруп жатабыз.

Завод кургак бээ сүтүн өндүрүүнү мындан төрт жыл мурун баштаган. Керектүү технология Германиядан сатып алынган. Бул жерде бардыгы автоматташтырылган, ал эми өндүрүштүк цехте тазалык талаптар толук сакталган. Жаңы саалган сүт бул жерге атайын түтүк аркылуу жөнөтүлөт. Өндүрүштүк цехте ал муздатылат, кайнатылат жана кургатылат.

АСЕЛ МЕЙРАМБЕКОВА, ЛАБОРАТОРИЯЧЫ:

- Сублимация ыкмасы менен кургатылган сүттүн сакталуу мезгили да узак болот. Өнүм минус 40 градуска чейин муздатылат, мындан соң сүттү бууландыруу, башкача айтканда, кургатуу жараянын жүргүзөбүз. Кургак сүт өнүмү ушундай даярдалат.

500 литр сүттү кургатуу үчүн 3 күн керек. Даяр күкүм вакуумдук капчаларга салынат. Бээ сүтүнүн кургак күкүмүн чыгарууну колго алган өндүрүш очогунун өзү Караганды облусунда жайгашкан. Бул жердеги бээлердин ар бири күнүнө 4-5 литр сүт берет. Ал эми, аны кургак абалда пайдаланган кытайлык туристтер болсо, суусундуктун дарылык касиетинин өзгөчө экенин айтып жатышат.

ШУ МЭЙЧАН, КЭР ТУРИСТИ:

- Мен айына 5-6 банка сүт ичем. Саамал мага эле эмес, неберелериме да жагат. Аны ичип баштагандан бери ден соолуктарыбыз жакшыра түштү. Тумоо жана суук тийүү эмне экенин билбейбиз.

Саамал өнүмүнө болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүрүш аянттарын кеңейтишип, жаңы заводдорду ачууну көздөп жатышат. Ушуга кошо, алар өндүрүш түрлөрүн кеңейтип, алардын баасын төмөндөтүүнү көздөйт.