БУУ: Казакстан көп жактуу кызматташтыкты колдойт

БУУ: Казакстан көп жактуу кызматташтыкты колдойт

Казакстан көп жактуу кызматташтыкты колдойт. Бул пайда боло турган коркунучтарга болушунча эффективдүү аракет кылууга мүмкүнчүлүк берет. Казакстандык делегация көп жактуу кызматташтык маселесине тиешелүү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде так сунуштарды берди. Бул жерде ушул айда Кеңешке төрагалык кылуучу Кытайдын демилгеси менен көп жактуу кызматташтык маселесине байланыштуу жыйын өттү. Анда негизги көңүл ядролук куралга каршы күрөшүү аракетине, ошондой эле Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн өлкөлөрдүн коалициясынын ишине бурулду. Дүйнөнү терроризмден оолак кылуу Кодексинин кабыл алынышы көп тараптуу кызматташтыктын дагы бир мисалы болуп калды. Казакстан Кеңештеги жумуш убакыты кезинде Ливандагы тынчтык куруу миссиясына алгылыктуу салым кошту. Казакстандын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары белгилеп өткөндөй, Казакстан Коопсуздук Кеңешиндеги жумуш убакытысынын аралыгында ар дайым органдын кызматына ыңгайлуу ар тараптуу көз караш калыптандырууга, ошондой эле, өлкөнүн сырткы саясатынын негизги көз карашы болуп келген ачыктык, чындык жана шериктештикти калыптандырууга умтулду.

КАНАТ ТҮМЫШ,  КАЗАКСТАНДЫН БУУНУН АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизге Эл аралык кызматташтыкты жол-жоболоштура турган эрежелерди, белгилеп айтканда, дүйнөлүк башчылык, жалпы жоопкерчилик жана жамааттык иш-аракеттерди күчөтүү керек. Согуш, терроризм, мыйзамсыз көчүп-конуу жана климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелер бардык элге тиешелүү. Аймактардагы чыңалуу, эл аралык укуктун сакталбашы ушул убайымдарды чечүүгө тоскоолдук кылып жатканы шексиз. Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев «Аалам. XXI кылым» аттуу манифестинде дүйнө лидерлерин экономикалык жана коомдук тартип орнотууда биргеликте жумуш аткарууга чакырды. Аны менен бирге, Өлкө башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун жүз жылдыгына карата кагылышуулар менен терроризмге бөгөт коюуга чакырган.