Н. Назарбаев: Азия үчүн өздүк жамааттык коопсуздук уюму керек

Н. Назарбаев: Азия үчүн өздүк жамааттык коопсуздук уюму керек

Казакстандын Президенти континенталдык жамааттык коопсуздук уюмун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев «Астана Клубдун» төртүнчү отурумунда айтты. Өлкө башчысы дүйнөлүк державалардын куралдануу жарышуусу жана тирешүүлөргө кайра кайтышынын коркунучтарын белгиледи. Ошондой эле Нурсултан Назарбаев кыска жана алыскы аралыктарга багытталган ракеталарды жоюу маселеси да кооптуу кырдаалда турганына токтолду.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Азия үчүн өздүк жамааттык коопсуздук уюму керек деп ойлойм. Анын пайда болуусу – мезгилдин суроо-талабы. Бүгүнкү күндө Азия континентинен 30 мамлекет катышып жаткан Казакстандын Азиядагы ишеним ченемдери боюнча демилгеси Азиядагы кызматташуу боюнча уюмунун пайдубалы болуп бере алат. Аталган уюм менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму биргеликте бардык Евразиялык субконтинентинде коопсуз аймакты түзө алабыз. Аталган планды иш жүзүнө ашыруу үчүн ЕККУ, Азиядагы  өз ара кызматташтык жана ишеним ченемдери боюнча кеңеш, АСЕАН менен биргеликте коопсуздук боюнча кеңештик отурумун өткөрүшүбүз керек. Аталган форумдардын катчылыктары көз караштарын салыштыруу үчүн жолукса болот.

Мындан сырткары Нурсултан Назарбаев ааламдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын Астанага келген серепчилерге ыраазычылыгын билдирди. Эскерте кетсек, аталган форум кризистик учурда Евразиянын алдында турган чакырыктарды чечүүгө багытталган. «Астана Клубдун» отурумуна адаттагыдай дүйнөлүк саясатчылар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, геоасаясат боюнча дүйнөлүк бестселлерлердин авторлору чогулушту. Эл аралык дискуссиялык аянттын катышуучулары дүйнөлүк экономиканын өзгөрүүсүн жана адамзаттын алдында турган жаңы чакырыктар боюнча да кеп козгошту. Серепчилердин айтымында, гоесаясаттагы көйгөйлөрдү экономикалык интеграция жана ааламдашуу менен чечүүгө болот.