Astana Club отуруму

Astana Club отуруму

Казакстандын борборунда “Астана Клубдун” 4-отуруму өтүп жатат.  Аталган абройлуу эл аралык дискуссиялык аянт саясий форматта ишин жүргүзүүдө. Салттуу  форумга белгилүү дүйнөлүк саясатчылар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, геосаясат боюнча дүйнөлүк бестселлерлердин авторлору чогулушту. Конференциянын ачылышында серепчилер акыркы 100 жылдагы ааламдык кайра курууну талкуулашты. Спикерлер тарых бизге эмнени үйрөтө алаарын жана өткөн каталарды кайра кайталабаш үчүн адамзат өткөн муундун тажрыйбасын кантип колдонуусу керектиги боюнча баяндашты. Ошондой эле отурумда Евразия аймагы үчүн кийинки жылга карай геосаясий тобокелчиликтер боюнча да баяндама жасалды. Тобокелчиликтердин катарында куралдануу жарышы жана кибер коркунучтар бар.

АРИЭЛ КОЭН, АТЛАНТИКАЛЫК КЕҢЕШТИН АГА СЕРЕПЧИСИ:

- Бизде кайрадан бир державанын күчү өсүп, башкасы өз макамын сактап калууга аракет кылып жатат. Бирок, бул нерсе эч качан согушка айланып кетпеши керек. Тилекке каршы, тарых тастыктагандай, гегемон өзгөргөндө мындай чыр-чатактар ар дайым пайда болгон. Бирок, лидерлер өткөндөн сабак алып, кандуу чыр-чатактарды токтотушу керек. Бул алар үчүн чакырык.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө саясатчылар, дипломаттар менен талдоочулар континенттеги коопсуздук жана универсалдуу идеологияны издөө боюнча кеп козгошот. Эскерте кетсек, бул жылкы отурумдун башкы темасы ири Евразиянын келечегин куруу. Серепчилердин айтымында, бул тандоо аймакта болуп жаткан ааламдык жараяндарга байланыштуу.

ЕРЖАН САЛТЫБАЕВ, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Географиялык жактан алып караганда Казакстан континенттин борборунда жайгашкан. Биз Борбор Азия, Кытай, Орусия жана Каспий деңизинин жээгиндеги мамлекеттер менен тыгыз байланыштабыз. Орусия менен Батыштын ортосундагы мамиленин солгундашы, АКШ жана Кытайдын ортосундагы соода-сатык согушу же Жакынкы Чыгыштагы террористтик коркунучтар, бул жараяндар бизге таасир берет. Булардын бардыгы бизге түз же кыйыр кесепетин тийгизбей койбойт.