Казакстандын тынчтык куруу кызматы

Казакстандын тынчтык куруу кызматы

Жер-жүзүндө тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту бекемдөө. Ушул багыттагы Казакстандын демилгелери жалпыга белгилүү. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин курамындагы республика дүйнө коомчулугунун бейпилдигин орнотууга чакырып, коркунучтарга биргеликте каршы турууга үндөдү. Ал эми быйыл көз карандысыз Казакстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн жоокерлери эл аралык тынчтык куруу миссиясына катышып жатат. Ливандын Марджаюн аймагына жеткен 120 аскер жыл бою атайын даярдыктардан өтүшкөн.

Эр жүрөк жоокерлер индиялык батальондун курамында миссияларын аткарат. Бул тууралуу эки Өкмөттүн тиешелүү келишими бар. Аскерлер ушул миссияга даярдык катары Нью-Делидеги атайын борбордо да билим – машыгууларын жакшыртышкан.

ДЖИВАН БАЛАРАМАН, ИНДИЯ БАТАЛЬОНУНУН КОМАНДИРИ:

- Казакстандык контингентти Ливанда тосуп алып жатканыма кубанычтамын. Бул тарыхый учур. Анткени казакстандык аскерлер БУУнун тынчтык куруу миссиясын аткаруу үчүн биринчи жолу келип жатышат. Албетте аларга тынчтык куруу операцияларынын өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрүп, болушунча колдоо көрсөтүүгө даярбыз.

Казакстан аскерлеринин Жакынкы Чыгыштагы ушул миссияга катышуусуна тиешелүү сүйлөшүүлөр бир нече жыл бою жүргүзүлдү. ЮНИФИЛдин катарын толуктаган 120 казакстандык жоокер тыкыр тандоодон өткөн.

АЯН НУРКАСОВ, КАЗАКСТАН ТЫНЧТЫК КУРУУ ПОЛКУНУН КОМАНДИРИ:

- Бул ротага өзүн жакшы жагынан гана тааныткан, аз дегенде 3 жыл кызмат кылган жоокерлер тандалды. Алардын эл аралык окуу – машыгууларына БУУнун системасындагы иш-чараларга катышуусун эске алып, тил билүү жөндөмдүүлүгү да көңүлгө алынган.

Ливандагы миссия жарым жылга  уланат. Бул эң узак тынчтык куруу операцияларынын бири. Казакстандык ротанын жайгашкан жери – Марджаюн аймагынын геосаясий жана стратегиялык мааниси терең. Болжол менен ушул жерден 7 чакырым жерде Израиль, 15 чакырым аралыкта Сирия чек арасы жайгашкан. БУУнун мандаты боюнча аскерлер чек ара сызыгын патрулдоо менен алектенишет.

Белгилей кетсек, казакстандык жоокерлердин арасында мурда тынчтык куруу жүгүн көтөргөн аскерлер да бар.

АЙДЫН МОШАБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫК ТЫНЧТЫК КУРУУЧУ:

- 2007-жылы Иракта алган тажрыйбамды ушул жакта пайдаланып, жаштарга өз тажрыйбамды көрсөтүү максатында келдим.

ДМИТРИЙ МОВСЕСОВ, КАЗАКСТАНДЫК ТЫНЧТЫК КУРУУЧУ:

- Аскерий тажрыйбам жок. Бирок Чехияда, Америкада, Македонияда тынчтык куруу окуу-машыгууларына катышкам. Топтогон тажрыйбамды Ливанда пайдаланууга мүмкүнчүлүк пайда болуп жатат.