Түркестан шаарынын айланасынан X-XI кылымдарда салынган байыркы мончо табылды

Түркестан шаарынын айланасынан X-XI кылымдарда салынган байыркы мончо табылды

Археологдор баалуу олжого туш болушту. Түркестан шаарынын айланасынан X-XI кылымдарда салынган байыркы мончо табылды. Эски объекттин дал ошол кезге таандык экендигин канализация түтүктөрүнүн алдынан чыккан байыркы тыйындар менен топчулар далилдеп жатат. Адистердин пикиринде, ал бардык эл колдонгон коомдук мончо болгон эмес. Анткени табылган экспонаттар шаардагы сарайлардын биринин ичинде жайгашышы мүмкүн.

ЕРБОЛАТ СМАГУЛОВ, А. МАРГУЛАН АТЫНДАГЫ АРХЕОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНУН АГА ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Ушундай ванналардын калдыктары жакшы сакталган. Алар атайын кошмо же ганч менен салынган. Бул суюктукту өткөрбөйт. Төрт ванна сыныктарын таптык.

Ар бир бөлмөдө жуунууга арналган орундар жасалган. Акыркы экөөсүндө кир сууну сыртка чыгара турган канализация түтүктөрү болгон. Алардын ичинен табылган минералдык заттар талдамага жиберилди. Окумуштуулардын божомолу боюнча, алар жуунууга арналган куралдардын курамындагы калдыктар болуусу мүмкүн. Адистер Жибек жолунун боюндагы шаарды адамдар 14–кылымга чейин мекендеген деген ишенимде. Кийин эл жакын аймактагы өнүккөн Яссы шаарына конуш которгон.

БАХЫТЖАН НУРХАНОВ, «АЗИРЕТ СУЛТАН» ТАРЫХЫЙ –МАДАНИЙ КОРУК МУЗЕЙИНИН БӨЛҮМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыркы турган жерибиз бул шаардын рабаты деп аталат. Башкача айтканда, чарбачылык бөлүмү. Негизинен мончо сыяктуу нерселер ошол рабатта салынган.

Археологдор ушундай түтүктөр Сыганак жана Отырар шаарларында жүргүзүлгөн казуу иштеринин алкагында табылганын айтышат. Мончо казып алынган байыркы Шойтөбе шаары мамлекеттин коргоосунда. Белгилей кетсек, тарыхый конушту изилдөө иштери акыркы үч жыл бою жүргүзүлүп келет.