Казакстан-Эстония кызматташтыгы

Казакстан-Эстония кызматташтыгы

Эстония – Казакстандын Түндүк Европадагы маанилүү өнөктөшү. Тарапташтар соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыктар. Негизинен унаа–транзиттик, экологиялык, IT технологиялар жана энергия үнөмдөө тармактарына басым берилет. Бул тууралуу Астанада эки өлкөнүн ишкердик топтору жана ишкерлердин башы бириккен Казакстан-Эстония бизнес форумунда белгилүү болду. Жыйында Казакстанга каржы салууга кызыктар инвесторлорго өлкөдө түзүлө турган жеңилдиктер тууралуу маалымат берилди.

БАКЫТЖАН САГИНТАЕВ, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Бизде «Санариптик Казакстан» аттуу атайын мамлекеттик программа колго алынды. Документ өткөн жылдын аягында кабыл алынган. Эстониянын эко системага тиешелүү долбоорлору кеңири белгилүү. Ошол демилгелерди «Санариптик Казакстан» программасынын алкагында ишке ашырып, өнөктөштүктү орнотуунун мүмкүнчүлүгү арбын.

ЮРИ РАТАС, ЭСТОНИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Биз Эстония менен Казакстан ортосундагы байланыштын түрдүү багыттарын караштырып жатабыз. Санариптештирүү, айыл чарбачылыгы, билим тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле, Эстония менен Казакстан ортосунда «Бир кур – бир жол» демилгесин көтөрдүк. Албетте, өлкөлөрдүн өз ара темир жол мамилесин өнүктүрүү үчүн ушул демилгеге катышууга биз жак кызыктар.

Бүгүнкү күндө Эстония капиталынын катышуусу менен Казакстан аймагынын ар түрдүү тармактарында 70ке жакын компания иштеп келет. Азыркы тапта Казакстан эстониялык порттордо терминалдар менен логистикалык борборлорду ачууга кызыктар экенин билдирүүдө. Бул ата мекендик өнүмдүн европа рыногуна чыгуусуна жол ачат.

ТИМУР ЖАЙЫКОВ, КР ТИМ ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА КОМИТЕТИ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан менен Эстониянын ортосундагы товар жүгүртүү 32 миллион АКШ долларын түзүп жатат. Казакстандан негизинен мунай менен мунай өнүмдөрү экспорттолот. Ошондой эле, бизден жез ташылат. Ал эми Эстониядан тамак-аш өнөр жайы, машина куруу, фармацевтикалык өнүмдөр импорттолот.

ТОМАС КЭСТИК, ЭСТОНИЯНЫН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК АГЕНТТИГИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

- Логистика менен санариптештирүү боюнча ишке ашырылбаган көп ресурстарыбыз бар. Мамлекеттик башкаруу, билим берүү, медицина менен унаа жана өндүрүштүк сыяктуу түрдүү тармактарда санариптик техногиялар боюнча өнөктөштүк орнотуунун мүмкүнчүлүгү арбын.

Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында альтернативалык энергия булактарын биргеликте өнүктүрүүнү көздөгөн меморандум да бар.