Казакстандын дүйнөлүк демилгелери

Казакстандын дүйнөлүк демилгелери

Казакстан – дүйнөлүк даражадагы реформатор. Мамлекет эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө, адамзаттын жалпы өнүгүшүнө багытталган демилгелери менен белгилүү. Көп жылдар бою Казак элинин сунуштары дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогорку баага ээ болуп келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Республика демилгеси менен даярдалган ядролук куралдан эркин дүйнө куруу тууралуу Жалпы декларациясы толук колдоо тапканы – мунун дагы бир далили. Эскерте кетсек, аталган документти колдоо тууралуу сунушту Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев 2015-жылы Башкы Ассамблеянын 70-мааракелик сессиясында жарыялаган. Ошол кезде аталган резолюция кабыл алынган. Арадан 3 жыл өтүп, Казакстан документтин жаңы нускасын тааныштырды. Декларацияга ядролук куралсыздандыруу жараянын улантуу үчүн керектүү бир нече баптар киргизилди. Документтин жапырт колдоого ээ болуусу Казакстандын дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту бекемдөөгө кошуп жаткан үлүшүнүн өскөнүнөн кабар берет. Казакстандык резолюцияны 135 мамлекет колдоп, добуш берген.