Doing Business рейтингинде Казакстан 28-орунду ээледи

Doing Business рейтингинде Казакстан 28-орунду ээледи

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Казакстан алдыңкы 30 мамлекеттин катарында. Дуинг Бизнес рейтингинде республика 28-орунду ээледи. Бул дүйнөлүк талдоочулардын Казакстанда бизнес жүргүзүүгө багытталган  шарттарды жогору баалады дегенди билдирет. Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, жогорку көрсөткүчтөр өлкөдө ишкерлер үчүн жасалган реформалардын натыйжасы.

ФРЕНСИС АТО БРАУН,  КР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Биз бул рейтингди Алматыда жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде түздүк. Ушул жылы серепчилик бааны Казакстан боюнча жүргүзөбүз. Жыйынтыгын кийинки жылы жарыялайбыз. Бул масштабдуу изилдөө өлкөдөгү ишкердиктин өнүгүүсүнө таасир берет.

Талдамага ылайык, Казакстан Испания, Орусия, Франция, Польша, Португалия, Беларусь, Швейцария, Жапония жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдү артта калтырды. Жыл сайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн авторлору негизги 10 көрсөткүч боюнча 190 мамлекетти изилдешкен. Белгилей кетсек, бул жылы Казакстан бардык көрсөткүчтөрүн жакшырткан. Эки көрсөткүч, башкача айтканда, миноритардык инвесторлорду коргоо жана келишимдерди аткаруу боюнча көч башына чыкты.

КАМИЛА КОВЯЗИНА, КР БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ ДЭСИнин СЕРЕПЧИСИ:

- Казакстанга 28-орунду бере салды деп айтууга болбойт. Казакстан бул көрсөткүчкө ири, үзгүлтүксүз, толук, ишенимдүү жараяндардын артынан жетти. Эң жогорку көрсөткүчтөр - бул салык салуу тармагында. Бул салык төлөөчүнүн катталуу жараяндарына кеткен убакыттын, чыгашанын төмөндөшү. Экинчиси – бул эл аралык соода-сатык боюнча, бажылык документ жүгүртүүгө «Астана-1С» электрондук системасы киргизилди. Үчүнчүсү келишимдердин аткарылуусун камсыз кылуу.

Эскерте кетсек, бул жылы Doing Business рейтингинин башында Жаңы Зеландия турат. Рейтингдин биринчи ондугуна Сингапур, Дания, Түштүк Корея, Гонконг, Грузия, Норвегия, АКШ, Улуу Британия жана Македония кирет.