Казакстан-Бразилия кызматташтыгы

Казакстан-Бразилия кызматташтыгы

Бразилия – Казакстандын Латын Америкадагы, ал эми Казакстан – Бразилия үчүн Борбор Азиядагы эң ири жана туруктуу саясий, өзөктүү экономикалык шериктеши катары саналат. Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнашына 25 жыл толду. Кызматташтык аянты кеңейип жатат. Бири-биринен алыс аралыкта жаткан өлкөлөр алгач аба унааларын өндүрүү тармагындагы мамилени жашыртууга кызыктар. Казакстанда Бразилияда жасалган тогуз учак бар. Кийинки жылы дагы бешөөнү сатып алат. Өлкө аймагында аларга кызмат көрсөтө турган атайын тейлөө борборун салуу көздөлгөн. Эки мамлекет айыл чарбасы, тоо-кен өндүрүшү, альтернативалык энергетикада күчүн бириктирет. Кыял-тилектери дагы бир тармакта айкалышты. Бразилия Казакстандын ядролук куралдан дүйнөнү эркин кылуу демилгесин колдойт. Атом энергиясын тынчтык жолунда гана пайдалануу керек. Тараптар азыркы тапта ушул багыттагы жаңы долбоорду түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

КАЙРАТ САРЖАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН БРАЗИЛИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Документ атом энергиясын колдонуу, өнүктүрүү жана пайдаланууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Белгилей кетсек, Бразилия дүйнөдөгү ядролук технологияларды өздөштүргөн он өлкөнүн ичине кирет. Быйыл экспорттук товарлардын тизмесине табигый урандын концентраты кошулду. Бул ушул жылдын чын куран айында Улуттук атом компаниясы Бразилиядагы элчиликтин аракеттери менен Industrias Nucleares do Brasil компаниясына табигый урандын концентратын жеткирүү үчүн 13,7 миллион долларлык тендерди жеңип алгандан кийин ишке аша баштады.

Соңку статистикалык маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылдын 8 айында Казакстан менен Бразилия ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 82 миллион долларды түздү. Бразилиядан кант, учак, унаа куралдары жана тетиктер, курулуш материалдары, апельсин шербеттери импорттолот. Ал эми Казакстандан күкүрт, ферро эритме, пластмассадан, резинадан жана кара металлдан жасалган буюмдар жөнөтүлөт.