Казакстан – тынчтык куруучу мамлекет

Казакстан – тынчтык куруучу мамлекет

Казакстан – тили менен дини, маданияты менен салты ар башка элдердин биримдигин бекемдеген мамлекет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 140тан ашуун улут менен 18 конфессия өкүлдөрү бир түндүктүн астында, ынтымакта жашап келе жатат. Улут аралык келишимдин жарык жылдызына айланган, Казакстандын достукка үндөгөн уникалдуу саясаты башкаларга да жаркын үлгү болушу керек. Бул дүйнө коомчулугу, эл аралык серепчилер, беделдүү саясатчылар жана ар түрдүү дин өкүлдөрүнүн пикири.

ЮРИЙ НОВГОРОДОВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ЕВАНГЕЛИЕ-ЛЮТЕРАН ЧИРКӨӨСҮНҮН ЕПИСКОПУ:

- Казакстан – Кытай, АКШ, Орусия, Индия сыяктуу дүйнөлүк саясатты түзүүчү дүйнөлүк ири державаларга да үлгү болууга татыктуу мамлекет. Улут аралык келишим орногон өлкөдө жашап жаткан ар түрдүү улут өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын, салтын, диний көз караштарын жоготуп алган жок. Көз карандысыздыкты алган күндөн баштап Казакстан төл элинин гана эмес, бардык улуттардын кыял-тилектерин эске алып, иш жүзүндө ар биринин муктаждыктарын жоктоп, зарылчылыктарын канааттандыруу жолун тандады. Ар бир элдин маданияты жана салты сакталып эле койбостон, аларды өнүктүрүп, жакшыртууга маани берилип келет. Эң негизгиси тынчтык коом биримдиги биргеликте түзүлүүдө.

Эгемендүүлүктү алгандан бери республика ишенимдүү өнөктөш жана тынчтык куруучу мамлекет катары таанылып келүүдө. Казакстандын бул багыттагы мыкты иштерин бүткүл дүйнө жүзү колдоп, чоң ишеним менен карайт. КМШ өлкөлөрү боюнча ыйык Эгидея коомунун координатору  Алессандро Салаконенин пикиринде, Казакстан ири эл аралык тынчтык куруучу миссияларында жигердүүлүгү менен таанылган өлкө.

АЛЕССАНДРО САЛАКОНЕ, КМШ ӨЛКӨЛӨРҮ БОЮНЧА ЫЙЫК ЭГИДИЯ КООМУНУН КООРДИНАТОРУ:

- Акыркы жылдары Казакстандын тынчтык куруучу демилгелери, ааламдык маселелерди чечүүдө дүйнөлүк диалог аянтына айлангандыгы тууралуу көп айтылат. Казакстан Сириядагы жагдайды тынчтык жол менен чечүүгө чакырды. 2003-жылдан бери туруктуу өтүп келе жаткан дүйнөлүк дин башчылар Съезддери тууралуу жакшы билебиз. Жылдан-жылга жолугушуунун географиясы, ал жердеги чечимдердин чек арасы кеңейип жатат.