Казакстан дүйнөлүк аренада

Казакстан бүткүл адамзат үчүн эң масштабдуу жана өзөктүү маселелерге алгылыктуу салым кошуп келүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк серепчилер эле эмес, Бириккен Улуттар Уюмундагы ар түрдүү мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү да билдирип жатышат. Аталган өлкө постулаттарды жарыялоо менен катар, бүткүл ааламда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда так чечимдерди сунуштоодо. Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Борбор Азия аймагына көңүлүн бурду. Өлкө президенти Нурсултан Назарбаев да Казакстан Коопсуздук Кеңешиндеги жумушу башталбай жатып, Борбор Азия аймагынын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн. Бул маселе Ооганстан жана Борбор Азиянын аймактык шериктештигин түзүүгө арналган талкууда да негизги темага айланды.

МАХМАДАМИН МАХМАДАМИНОВ, ТАЖИКСТАНДЫН БУУдагы ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Борбор Азия азыркы тапта аймактык жана дүйнөлүк коопсуздукка тиешелүү бардык маселе боюнча кызматташып, аракет кылып келе жатат. Ошондуктан Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү катары иштөөсү өтө жоопкерчиликтүү мезгил. Силердин мамлекет бир гана өлкөнүн эмес, бүткүл Борбор Азиянын кызыкчылыктарын коргоп жатат. Ушул багытта Казакстан өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлдүгүнө дүйнөлүк маселелерди чечүүдө, суу, климаттын өзгөрүүсү, терроризм менен күрөшүү, баңги затка каршы күрөшүү жана башка маселелерде колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Аны менен катар, Казакстан элине жана сизге ушундай жоопкерчиликтүү жолдо жалаң жакшылыктар менен ийгиликтерди каалагым келет.