Каспийдин укуктук макамы

Каспийдин укуктук макамы тууралуу келишим аймакка жаңы инвестицияларды тартууга таасир берет. Будапешт экономикалык университетинин профессору Паль Гайнэ ушундай пикирде. Эскерте кетсек, Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу Конвенцияга жээктеги мамлекеттердин башчылары Казакстанда өткөн саммитте кол коюшкан. Венгр серепчисинин айтымында, расмий келишимди кабыл алуу аркылуу Каспий айланасындагы өлкөлөр жаңы ири долбоорлордун ишке ашырылуусуна жол ачат. Алардын бири – Түркмөнстан менен Азербайжанды байланыштыра турган Транскаспий газ түтүгү. Серепчи аталган долбоор катышуучулардын экономикалык өсүшүнө оң таасир бергендиктен, анын мааниси жогору деген ишенимде.

ПАЛЬ ГАЙНЭ, БУДАПЕШТ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ:

- Каспийдин айланасындагы талаш маселелер инвесторлорду чочулатып турчу. Ошондуктан ал жердин макамынын аныкталуусу инвесторлор үчүн оң фактор экени талашсыз. Каспий аймагында өздөштүрүлбөгөн табигый газ, мунай фонду менен тартымдуу. Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы оор эл аралык жагдайлардан көз каранды. Бирок, иш укуктук чекке келгенде, бул келишим алдыга жылуудагы чоң кадам деп айтаар элем.