Италиянын Верона шаарында XI Евразиялык экономикалык форум өттү

Евразиялык экономикалык биримдик менен Евробиримдик экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүдө. Италиянын Верона шаарында өткөн 11-Евразиялык экономикалык форумунда 40 өлкөнүн ири компания башчылары менен саясатчылары жолугушту. Күн тартибиндеги башкы маселелер – Евразия аймагында бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, энергетикалык коопсуздук менен санариптик экономиканы өнүктүрүү болду. Казакстан бул форумга ар дайым катышып келет. Быйыл делегация курамы чоңойгон. Европалык бизнесмендер Казакстан менен биргеликте иштеп, жаңы долбоорлорго каржы салууга даяр. Себеби, алардын айтымында, өлкөдөгү инвестициялык климат жылдан-жылга жакшырууда.

ПАОЛО ГИРЕЛЛИ, ИТАЛИЯ-КАЗАКСТАН СООДА ПАЛАТАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан менен экономикалык кызматташтыгыбыз азырынча негизинен мунай-газ тармагында өнүгүп келе жатат. Бул тармакта иштеп жүргөн италиялык компаниялар көп. Өлкөлөрүбүз арасында эффективдүү өнөктөштүк орногонун белгилеп кетүү керек. Казакстан өкмөтү өлкөдө ыңгайлуу бизнес-климат түзгөн.

Белгилей кетсек, быйыл Верона форуму «Атлантикадан Тынч океанга чейинки ишеним экономикасы менен бизнес дипломатиясы» деген тема менен өттү. Ошондой эле, жыйындын алкагында «Астана» эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрү да тааныштырылды.