Алматыда Бириккен Улуттар Уюмунун хабы ачылды

Тынчтык жана туруктуулук жолунда. Алматыда Бириккен Улуттар Уюмунун хабы ачылды. Саясий маанилүү иш-чара мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен колго алынган. Жалпы аймагы 30 миң чарчы метрге жакын, эл аралык  талаптарга шайкеш салынган имарат эми БУУнун бардык түзүмдөрүн бир түндүктүн астында бириктирет. Серепчилердин пикири боюнча, бардык түзүмдөрдү бир уюмда чогултуу жаңы демилгелердин локомотиви болууга таасир берет.

ЕРЖАН АШЫКБАЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул борбор туруктуу өнүгүү маселелерин алдыга жылдыруу боюнча Борбор Азия мамлекеттери үчүн маанилүү роль ойнойт деп эсептейбиз. Себеби, бүгүнкү күндө бардык БУУ агенттиктери бир түндүктүн астына чогултулду. Бул албетте Казакстан үчүн, ошондой эле бүткүл Борбор Азия үчүн маанилүү борбор болот.

Жаңы кеңсенин ачылышы эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуусуна кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча ЮНИСЕФ өкүлүнүн пикиринде, казакстандык борбор жигердүү жаштарга жаркын келечекти тартуулайт.

АФШАН ХАН, БОРБОР АЗИЯ ЖАНА ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮ БОЮНЧА АЙМАКТЫК МҮДҮР:

- ЮНИСЕФ БУУнун маанилүү бир бөлүгү болушу бийик даража. Ошондой эле мындай имараттын ачылышы ага таасир берет. ЮНИСЕФ уюму Борбор Азия хабы катары эсептелет. Биз балдар, жаш өспүрүмдөр, жаштарга тиешелүү бардык маселелерди караштырып, эл аралык серепчилер жана бейөкмөт уюмдар менен иштешебиз. Бул имарат биз үчүн өтө маанилүү.