БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отуруму

Казакстан дүйнө жүзүндөгү тынчтык жана коопсуздукту бекемдөөгө алгылыктуу салым кошууну улантууда. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумунда дүйнөлүк серепчилер билдиришти. Нью-Йорктогу жолугушуудагы эң маанилүү темалардын бири Бириккен Улуттар Уюмунун алдында Сирия конституциялык комитетин түзүү болду. Жетинин айында Астаналык жараяндын кепилдик-өлкөлөрү жана араб республикалык өкмөтүнүн өкүлдөрү, ошондой эле, оппозициялар чыр-чатактарды тынчтык жол менен жөнгө салуу аспектилери тууралуу талкуулашат.

ҚАЙРАТ УМАРОВ, КР БУУнун АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Биз аталган суроолорду тынчтык сүйлөшүүлөр менен чечүүгө багытталган эл аралык коомчулуктун бардык аракеттерин колдойбуз. Женева жараянын да колдойбуз. Ал эми, Астаналык аянт бүгүнкү күндө жигердүү жана Сирия чыр-чатактарын чечүүгө багытталган эффективдүү платформа катары иштөөсүн улантууда. Ошондуктан БУУ Сирия маселесин чечүүгө багытталган бардык өлкөлөрдүн аракеттерин, айрыкча биздин аймактын ишмердүүлүгүн жогору баалап жатышат.

Жолугушууда казакстандык делегация бардык кызыктар тараптарды Идлибдеги деэскалация аймагындагы кырдаалды туруктуу кылуу тууралуу Меморандумду жүзөгө ашырууда кызматташтык орнотууга чакырды. Ошондой эле, Сириядагы абалды жөнгө салуу жолунда Женева жана Астана процесстеринин маңыздуулугу бөтөнчө атап көрсөтүлдү.