Казакстан Президентинин Бельгияга иш сапары

Казакстан Президентинин Бельгияга иш сапары

Казакстандын Президенти Бельгияга расмий иш сапары менен барып, Король Филипп менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн башчылары кызматташтыктын келечеги тууралуу талкуулашты. Ошондой эле Нурсултан Назарбаев бизнес-өкүлдөргө Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Өлкө башчысынын айтымында, Европа өлкөлөрү Казакстан үчүн маанилүү экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөр. Казакстан көз карандысыздыкка ээ болгон жылдан бери өлкөгө Европа өлкөлөрүнөн 180 миллиард долларлык түз инвестиция тартылган. Алардын ичинде 4 миллиард доллар Бельгия өлкөсүнө таандык. Ошол эле учурда товар жүгүртүү көлөмү өсүп, өткөн жылы 33 миллиард доллардан ашуун болсо, быйылкы жылдын биринчи жарымындагы көрсөткүч 24 миллиард долларга жеткен. Бүгүнкү күндө Казакстанда европалык каржынын катышуусу менен 3 миңге жакын ишкана иштейт.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан – бул бүгүнкү күндө пайдалуу ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаркын келечек. Биринчиден биз алдыбызга өнүккөн отуз мамлекеттин катарына кирүү боюнча чоң максат койдук. Ошондуктан биздин бардык программа индустриалдык Казакстан, инфраструктуралык программа, агрардык программа, коомдук программа. Булардын бардыгы ушул максатка багытталган. Өлкөдө туруктуу негизде инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча иштер жүрүп жатат. Казакстан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун инвестициялар боюнча комитетинин ассоциацияланган мүчөсү болду. Эл аралык инвестициялар боюнча декларацяга кошулду. Казакстандын Президентинин алдында жыл сайын чогулуп турган, чет өлкөлүк инвесторлордун кеңеши иштейт. Бүгүнкү күндө Казакстан Дүйнөлүк банктын Дуинг бизнес рейтингинде 190 мамлекеттин ичинде 36-орунду ээлейт.

Нурсултан Назарбаев бельгиялык ишкерлерди агро өнөр  жай комлексинин долбоорлоруна инвестиция салууга чакырды. Мындан сырткары, өлкө башчысы дүйнөлүк соода-сатыкты жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар АЭКБ менен кызматташуу жана Казакстанга дүйнөлүк корпорацияларды жана каржы институттарын тартуу боюнча талкуулашты.