Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен маек

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен маек

Казакстан менен Венгрия – стратегиялык өнөктөштөр. Будапешт – Астананын Европадагы маанилүү жана ишенимдүү шериктештеринин бири. Казакстан менен Венгриянын стратегиялык кызматташтыгынын бүгүнкү акыбалы менен башкы багыттары тууралуу Казак ТВ каналына берген жеке маегинде ушул өлкөнүн Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто баяндап берди.

 - Казакстан БУУ Коопсуздук Кеңешине экинчи жыл катары менен туруксуз мүчөсү болду. Ушул убакыт ичинде биздин бир катар демилгелерди колго алды. Казакстандын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин кандай баалайсыз?

 - Казакстандын Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышын кубануу менен кабыл алдык. Сиздердин өлкө мындай макамга татыктуу деп эсептейм. Казакстандын ийгиликтүү саясаты менен жетишкендиктеринин аркасында Борбор Азия жигердүү өнүгүп келе жаткан аймактардын бирине айланган. Дүйнөлүк маселелерди чечүүдө Казакстан алгылыктуу салым кошууда. Коопсуздук Кеңешинин күн тартибиндеги чочулоого тиешелүү Казакстан менен Венгрия ортосунда ишенимдүү жана үзүрлүү диалог орногон.

 - Казакстан менен Венгрия кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү мол. Өз ара өнөктөштүктүн башкы багыттары кандай?

 - Бул багытта суу ресурстарын башкаруу тармагы өтө маанилүү деп ойлойм. Себеби, Венгрия суу менен камтуу системасы ишин жетилтүү боюнча жакшы чечим, мыкты технология менен ноу-хауларды сунуштай алат. Бул максатка жетүү үчүн ири инвестициялар менен долбоорлорду ишке ашыруу керек. Ушул тармакта дүйнө жүзү боюнча мыктылардын бири катары белгилүү болгон венгриялык компаниялар жардам бере алат деп ойлойм. Аларды каржы жагынан колдоо максатында жана венгер-казак бизнесинин кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн биздин өкмөт быйыл 420 миллион евро өлчөмүндөгү насыялык желе ачкан.

 - Өткөн жылы Казакстан-Венгрия инвестициялык фонду түзүлдү. Ушул кызматташтыктын алкагында кандай долбоорлор ишке ашырылууда?

 - Узак сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Казакстан-Венгрия ортосунда айыл чарба тармагына түз инвестиция салууну көздөгөн фонд түзүлдү. Уюмдаштыруучулар «Казагро» холдинги менен Венгриянын ЭкспортИмпорт банкы.  Анын фонду 40 миллион АКШ долларын түзөт. Жаңы структуранын колдоосу менен ушул убакытка чейин азык-түлүк өндүрүштөрүн өндүрүүгө багытталган 2 долбоор колго алынды. Экөө тең ийгиликтүү иштеп жатат. Бири помидор жана жер-жемиштердин башка түрлөрүн иштетүү ишканасы болсо, экинчиси негизинен жемиш иштетүү менен алектенет. Алдыдагы убакытта биз дагы да башка жаңы долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Ошентсе да, ушул эки долбоордун оң натыйжасы биргелешкен фонд түзүү чечимин тууралыгын аныктап жатат.

 - Казакстан менен Венгрия келечекте эки жактуу  товар жүгүртүүсүн жогорулатууну көздөйт. Ушул багытта Венгрия тарабынан суроо-талапка ээ казакстандык товарлар тууралуу эмне айта аласыз?

 - Биринчи орунда тамак-аш өнөр жайынын өндүрүштөрү деп ойлойм. Бул тармак эки жактуу товар жүгүртүүсүн көбөйтүүдө маанилүү роль аткарат. Элдин кол өнөр буюмдары да Венгрияда жогорку суроо-талапка ээ. Ошондой эле, Европа өлкөлөрү үчүн энергетикалык ресурстардын жеткирүүлөрүн ар тараптуу кылуу эң курч маселелердин бири. Ушул багытта биз Казакстанды аны чечүүдө жардам көрсөтө ала турган өлкө деп карайбыз. Анткени Европада энергетикалык коопсуздук татаал маселе. Бул багытта башкалардан көз каранды экенибиз чын. Ошол себептүү жаңы кубат көздөрүн издөө, аларды жеткирүүнүн жаңы багыттары ар дайым  издештирилет. Ушул багытта Казакстан акыркы убакытта Венгрияга мунай экспортун көбөйтүп келет, бул албетте биз үчүн кызыктуу.