Казакстандын Президентинин Финляндияга болгон расмий иш сапары соңуна чыкты

Казакстандын Президентинин Финляндияга болгон расмий иш сапары соңуна чыкты

Казакстандын Президентинин Финляндияга болгон расмий иш сапары соңуна чыкты. Нурсултан Назарбаев кесиптеши Саули Ниинистё менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки өлкө башчылары казакстандык экономиканы жаңылоо долбоорлорунда фин капиталынын жана технологиялардын катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуулашты. Тараптар белгилешкендей, биргеликте иштешүүнүн басымдуу багыттарынын катарында кайра иштетүү, инновациялык жана илим, сыйымдуу ишканалар жана экспортко багытталган өндүрүштөр бар.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, ПРЕЗИДЕНТ РЕСПУБЛИКИ КАЗАХСТАН

- Эл аралык серепчилердин баамында, биз ЭКСПО көргөзмөсүн жогорку деңээлде өткөрдүк. Натыйжасында биз жаңы энергетика багытындагы жүз мыкты долбоорду тандап алдык, анын он төртү – фин долбоорлору. Азыр ЭКСПОнун ордунда Астана эл аралык каржы борбору түзүлгөн. Биз фин бизнесин анын кызматына катышууга чакырдык. Борбордо преференциялар түзүлгөн, ал англис укугунун негизинде иштейт.

САУЛИ НИИНИСТЁ, ФИНЛЯНДИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз көп тармактар боюнча жигердүү кызматташып келебиз. Финляндияга Казакстандан жогорку жана медициналык билим алуу үчүн көп жаштар келишет.  Биз аталган коом кантип дүйнө жүзүндөгү эң туруктуу өлкөгө айланганы тууралуу маалыматтарды кубануу менен бөлүшөбүз. Мен ар дайым Президент мырзанын оюн жана көз караштарын, ошондой эле геосаясий багыттарын жогору баалайм. Биздин баарлашуу жана пикир амашуубуз абдан пайдалуу. Бул үчүн кесиптешиме ыраазычылык билдирем.

Иш-сапардын жыйынтыгы боюнча 20 өкмөт аралык меморандумга кол коюлуп, казак-фин ишкерлеринин ортосунда жалпы суммасы 600 миллион долларлык 10 келишим түзүлдү.