Казакстандагы ЕККУга 20 жыл

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандагы ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат. Астанада эл аралык конференция өттү. Атайын ушул жолугушуу үчүн Казакстанга ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингер келди. Ал эки жактуу аскерий-саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык кызматташтыктардын негизги багыттарына токтолуп өттү.

КАЙРАТ АБДРАХМАНОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Казакстанда 1000 ашуун иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаралардын биздин коомдук-экономикалык негиздерибизди бекемдөөгө жана жарандык коомдун өнүгүшүнө, ошондой эле биздин өлкөнүн аскерий-саясий туруктуулугуна жана коопсуздугуна кошкон баасы чексиз.

ТОМАС ГРЕМИНГЕР, ЕККУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Эң башкысы – бул эки жактуу кызматташуу. Биз негизги улуттук реформаларды жана полициядагы реформаларды колдойбуз. Долбоолорду ишке ашыруу үчүн биз күчүбүздү бириктиришибиз керек. Ошондуктан биз эки жактуу өнөктөштүктү өнүктүргүбүз келет.

Эскерте кетсек, ЕККУ курамына 57 мамлекет кирген, жалпы европалык уюм. Жыл сайын өлкөлөрдүн бири тышкы иштер министрдин жетекчилигинин астында төрагалык милдетти алат. Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстан ЕККУда 2010-жылы төрагалык кылган.