Президенттин кайрылуусу: Мажилис депутаттарынын пикири

Жигердүү тышкы саясат – Казакстандын жигердүү өнүгүшүнүн кепилдиги. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн элге арнаган кезектеги кайрылуусунда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен дипломатиялык, саясий жана соода-экономикалык карым-катнашты жакшыртуу иш-чараларын колдоого басым берүү керектигин өзгөчө белгилеп өттү. Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Кудайберген Ержандын пикиринде, дүйнөлүк рыноктогу ири оюнчулар менен өнөктөштүк орнотуу өлкө экономикасынын алгылыктуу өсүшүнө чоң түрткү болду.

КУДАЙБЕРГЕН ЕРЖАН, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Бул эң биринчи Өлкө башчысынын олуттуу саясаты менен эмгекчил элибиздин жемиши. Өлкөбүзгө келген ар бир инвесторго мыкты көңүл бөлүнүп, системалуу колдоого ээ болуп жатат. Мамлекеттин колдоо аракеттеринин натыйжасында ири долбоорлор ишке ашып келет. Бул комплекстүү иш-чаралар экономиканын өсүшүнө таасирин тийгизүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөн инвестиция тартуунун аркасында биздеги билим менен эмгек маданияты жаңырууда.

Кайрылууда белгиленген маанилүү демилгелердин бири – бизнес фонду менен индустриялык долбоорлорду колдоо. Аны ишке ашыруу үчүн Өлкө башчысы Улуттук банкка  улуттук фонддон каржы багыттоону тапшырды.

АЛЬБЕРТ РАУ, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Албетте, өлкөдөгү индустриялык өнүктүрүүнү эч ким токтоткон жок. Быйыл ушул багытта дагы 110 долбоор ишке кошулат. Каржы жетишсиздиги бир аз тоскоолдук кылып жатат. Президент индустриалдык долбоорлорду гана каржылоого алдыдагы үч жылга кошумча  600 миллиард теңге бөлүүгө милдеттендирди.