Нурсултан Назарбаевдин Финляндияга расмий иш сапары бүгүн башталат

Нурсултан Назарбаевдин Финляндияга расмий иш сапары бүгүн башталат

Нурсултан Назарбаевдин Финляндияга расмий иш сапары бүгүн башталат. Эки күндүн ичинде Казакстан Президенти Финляндия өлкөсүнүн президенти Саули Ниинистё жана фин бизнес өкүлдөрү менен жолугушат. Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан жана Финляндиянын ортосундагы товар жүгүртүү 308 миллион долларга чамалаган. Бул жылдын 7 айында 160 миллион долларга жетти. Акыркы 13 жылдын ичинде Финляндиядан 334 миллион доллар түз инвестиция тартылган. Бүгүнкү күндө Казакстанда фин капиталынын катышуусу менен 50 ишкана иштейт.

АЙБЕК СМАДИЯРОВ, КР ТИМ РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Бул Казакстандын президентинин Финляндияга болгон 2-расмий иш сапары. Нурсултан Назарбаевдин аталган өлкөгө болгон биринчи сапары 2009-жылдын жалган куран айында болгон. Жолугушуунун алкагында эки жактуу документтерге, алардын ичинде соода-сатыкка тиешелүү 20 документке кол коюлат деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, тогуздун айынын он сегизинде  Брюсселде «Азия–Европа» форумунун алкагында өтө турган 12-саммиттинде Нурсултан Назарбаев  менен Бельгия Королу Филип менен эки жактуу жолугушуу көздөлүп жатат. Бул аянтта салттуу түрдө ааламдык, аймактык коопсуздук жана экономикалык маселелер талкууланат. Казакстан Борбор Азия аймагында АСЕМ мүчөсү аталган жалгыз мамлекет. Сапардын алкагында Өлкө башчысы машина куруу, металлургия, химия  өнөр жайы сыяктуу тармактар боюнча эмгектенген 30га жакын европалык компания жана каржы институтунун өкүлдөрү менен жолугат.