Маттиас Дорнфельд: Көп өлкөлөр Нурсултан Назарбаевдин көп багыттуу саясатын колдошот

Бүгүнкү күндө Казакстан Борбор Азиядагы инвесторлор үчүн эң тартымдууу мамлекеттердин бири. Эл аралык серепчилер өлкөдөгү бизнес-климатка жогору баа беришүүдө. Чет өлкөлүк ишкерлерди өлкөдөгү бир нече жагымдуу жагдайлар өзүнө тартат. Мисалы, өзгөчө жеңилдиктер, салыктык жеңилдиктер жана алардын кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде колдоо. Мындан сырткары, өлкөдөгү ишкердикти жана инвесторлорду камсыздоодо «Астана» эл аралык каржы борбору негизги ролду ойношу керек. Бул тууралуу Казакстандын Президенти өз Кайрылуусунда белгилеп өттү. Немис саясат таануучусу Маттиас Дорнфельддин айтымында, көп өлкөлөр Казакстан менен кызматташууга кызыктар жана алар Нурсултан Назарбаевдин көп багыттуу саясатын колдошот.

МАТТИАС ДОРНФЕЛЬД, САЯСАТ ТААНУУЧУ / ГЕРМАНИЯ:

- Президент өз кайрылуусунда Казакстан көп багыттуу тышкы саясатты алып бара жатканын белгилеп өттү. Бул өлкөнүн жеке эле коңшу Борбор Азия менен эмес, Кытай менен достук мамиледе экенин билдирет.  Менимче Кытай менен эки жактуу саясатты жүргүзүү өтө маанилүү. Себеби, кытайлык товарлар Казакстан аркылуу Европага багыт алат. Мисалы, немис Дуйсбургу да Казакстан үчүн соода-сатык тармагында ири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат.  Ошондой эле, Президент ЕАЭБ, Орусия, Европа, Түркия жана АКШ өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштардын маанилүүлүгүн кошумчалады. Казакстан менен Германия маанилүү өнөктөштөр экенин кошумчалагым келет. Сиздердин өлкө туруктуулуктун борбору.

Казакстандын ири инвестициялык өнөктөштөрү Евробиримдик өлкөлөрүнөн. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы товар жүгүртүү 30 миллиард долларга чамалады. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга көп. Нурсултан Назарбаев өз Кайрылуусунда  Евробиримдик менен тыгыз иштешүүнү улантарын кошумчалап өттү. Ошондой эле Казакстан үчүн ЕАЭБ, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү негизги өнөктөш катары калат.

МАРОШ ШЕВЧОВИЧ, ЕВРОБИРИМДИКТИН ЭНЕРГЕТИКА СУРООЛОРУ БОЮНЧА КОМИССАРЫ / БЕЛЬГИЯ:

- Бүгүнкү күндө Евробиримдик менен Казакстандын ортосундагы карым-катнаш мыкты деңгээлде жана келечеги да чоң. Казакстандагы бай ресурстар белгилүү тармактарда негизги ролду ойнорун билебиз. Мисалы, ядролук коопсуздук жана атомду тынчтык жолунда колдонуу. Мен Казакстанда  бир нече жолу болуп кайткам. Анын абдан тез өнүгүп жатканын көрүп таң калгам. Мындан сырткары, мен Казакстан эл аралык энергитикалык диалогдогу ролун белгилеп кетким келет. Себеби, бул тармак азыркы тапта өзгөрүп жаткан климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө негизги багыттардын бири.