АЭФ 2018: Серепчилердин пикири

АЭФ 2018: Серепчилердин пикири

АEF: Global Challenges Sammit – потенциалдуу-экономикалык өнүгүү маселелерди талкуулоочу эл аралык аянт катары өзүн көрсөтө алды. Мындай олуттуу жолугушуу Евразиялык мейкиндикте ушул мезгилге чейин болгон эмес деп эсептейт латвиялык публицист Владимир Решетов.

ВЛАДИМИР РЕШЕТОВ, ПУБЛИЦИСТ:

- Астана экономикалык форумунун Борбор Азияда гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде мааниси зор деп эсептеймин. Мисалы, дигитализация же болбосо санариптик системага өтүү темасын алалы. Экономиканы эле эмес, башкарууну да санариптештирүү – Латвияда  ийгиликтүү жүрүүдө. Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин жаш урпакты тарбиялоо тууралуу көтөргөн маселеси олуттуу тема болду. Аларды илим-билимде, экономикада чыгармачылык ыкманы колдонуп, азыркы заман мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жаштарды даярдоо керек.

Астана экономикалык форумунда сунуштаган Казакстан Президентинин беш ааламдык тренди серепчилер арасында зор кызыгуу жаратып жатат. Немистин Бундестагдагы мүчөсү Андреас Ян долбоордун өзөктүү экендигин белгилейт. Серепчинин пикири боюнча, энергетикалык революция эң заманбап тренд. Андреас Ян Казакстан менен Германиянын максаты бирдиктүү таза энергия булактарына өтүү экендигин кошумчалайт.

АНДРЕАС ЯН, БУНДЕСТАГ ЭЛ АРАЛЫК ИШТЕР ЖӨНҮНДӨГҮ КОМИТЕТИНИН ПАРЛАМЕНТТИК КАТЧЫСЫ:

- Биз Германияда болсок да, Астана экономикалык форумун кылдат байкап жаттык. Нурсултан Назарбаев маанилүү 5 тренд тууралуу белгилеп өттү. Биринчиси,  санариптештирүү, бул биздин келечегибизге түздөн түз тиешелүү. Германияда бул суроого өзгөчө көңүл  бурулуп келет. Азыр блокчейн, айдоочусуз автоунаа сыяктуу жасалма интеллект заманында өмүр сүрүп жатабыз. Акырындык менен  өндүрүштүн ордун жаңы тармак баса баштайт. Ошол себептүү Президент Нурсултан Назарбаев айткандай, ар дайым трендде болуп, заман агымынан калбашыбыз керек. Ал эми эң башкысы ошол жаңылыктарды убактылуу киргизүү. Бүгүнкү күнү альтернативдүү энергия - өтө олуттуу тема. Германиянын бул багытта тажрыйбасы мол болгондуктан, кызматташтыгыбыз тереңдей түшөт деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, Астанада өткөн Global Challenges Summit форумунда эл аралык Астана каржы борбору тааныштырылды. Дүйнөлүк деңгээлдеги серепчилердин айтымында, каржы аймактары үчүн бул өтө маанилүү окуя болду. Бул нерсе Казастанга инвестиция тартуу, ошондой эле өлкөдөгү экономикага дем бере турган стратегиялык кадам. Европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун  евразиялык секторунун жетекчиси Юрий Кофнер, Астана экономикалык форуму дүйнөлүк серепчилердин пикир алмаша турган аянтына айланды деген пикирин билдирди.

ЮРИЙ КОФНЕР, ЖОГОРКУ ЭКОНОМИКА МЕКТЕБИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- 15 жылда Астана экономикалык форуму аймактык Евразиялык экономикалык деңгээлден өтө маанилүү, алдыңкы эл аралык деңгээлдеги форумга айланды. Бул албетте, Казакстандын карманган саясатына жана Президент Нурсултан Назарбаевдин демилгелерине ылайык келет. Президент 2050-жылга карай казак өлкөсүн аймактык лидер катары эле эмес, ошону менен катар дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу максатын карманууда.