«Руханий жаңыруу» программасы кандай ишке ашууда?

«Руханий жаңыруу» программасы кандай ишке ашууда?

Быйыл «Руханий жаңыруу» программасын ишке ашыруу башталганына үч жыл болот. Аны ишке ашыруунун алкагында каралган долбоорлор жана алардын пайдасы, бүгүнкү шарттары жөнүндө брифингде БККда өткөн брифингде маалымат жана коомдук өнүгүү вице-министри Болат Тлепов, ошондой эле, Улуттук котормолор бюросунун жетекчиси Рауан Кенжехан уулу айтып берди.

Рауан Кенжехан уулунун айтымында, программа карантин шарттарында казакстандык абитуриенттер менен студенттерге эң алдыңкы окуу материалдарына жеткиликтүү болушуна мүмкүндүк берди. Ошентип жаңы гуманитардык билимди 130 миңдей адам ала алды. Бул тууралуу Улуттук котормолор бюросунун башчысы билдирди. 

«Бул «Казакстандын ачык университети» деп аталган долбоордун бир бөлүгү жана керектөөчүлөр үчүн окуу китептерин электрондук жеткирүүнү, которулган окуу китептеринин базасында студенттер үчүн онлайн-курстарды түзүү болжолдогон. Булар азыр дүйнөдө бар эң мыкты китептер. Биздин бардык окуу жайлар, студенттер мыкты окуу китептерине жете алышты. Ал үчүн китепканага баруунун кереги жок, китептер бардык байланыш жабдууларынан жеткиликтүү. Андан китептерди окуп, казакстандык мыкты профессорлор менен адистердин чечмелөөсүн дагы уга алышат. Айтсак, быйыл мектепти 130 миң окуучу бүтүрдү. Алар чек аралар жабык шарттарда чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына окууга бара албаган быйылкы биринчи курстардын студенттери. Бирок ушул долбоор аркылуу биздин студенттер дүйнөдө болгон мыкты материалдарга жете алышат. Алар которулган жана биздин шарттардагы өзүбүздүн студенттерге ылайыкталган», - деди спикер.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Болат Тлепов «Казакстандын касиеттүү географиясы» долбоору жөнүндө айтып берди. Аны ишке ашыруу алкагында биринчи кезекте тарыхый-маанилүү жайларда жана өлкөнүн маданий эстеликтери жайгашкан аймактарда инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп өттү.

«Бизде өлкө боюнча ар кайсыл жакта жайгашкан тарыхый жана рухий маанидеги объекттер абдан көп, алар мазмуну жагынан кызыктуу, бирок аларга жетүү татаал, шарттар жок, биринчи кезекте инфратүзүмдүк шарттарды түзүү керек жана ошол объекттерге элдин көп барышы негизги индикаторлордун бири болуп саналат. Анан ошол индикаторго жетишүү үчүн көптөгөн иш-чаралар комплекстери жүргүзүлүүдө. Бул адамдар барып өздөрү үчүн рухий ыраазылык табышы үчүн жолдорду куруу, тиешелүү шарттарды камсыздоо керек».

Тлеповдун айтымында, өлкөнүн ыйык жерлерине элдин баруусу быйыл 20% көбөйгөн. Караганды, Маңгыстау жана Түркестан облустарында жайгашкан объекттер алда канча белгилүү болуп калды.

«Албетте эл ошол жерлерге бара баштады. Өзгөчө бул быйылкы бардык чектөө чараларын эске алганда жакшы байкалды. Анткени калктын негизги бөлүгү чет өлкөлөргө чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан биздин ата мекендик объекттерге каттоо өстү жана биринчи кезекте ыйык жерлерге адамдар көп бара баштады». 

Спикердин айтымында, «Руханий жаңыруу» программасын жүзөгө ашыруунун үч жылында 2,5 миңден ашык объект курулду, эки миңден ашыгы реконструкция болду. Аларды жүзөгө ашырууга 12 миңден ашык ата мекендик меценат тартылды. 

 

Фото: tobolinfo.kz