«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Елдар Сапаров, Куандык Канатов

«Казакстандын 100 жаңы ысымын» аныктоо аркылуу азыркы коомдун жүзүн калыптандырууга болот. Келечек муун өз тармагынын адиси болгон адамдардан үлгү алып, алар да ийгиликке жетүүгө умтулат, - дешет долбоор жеңүүчүлөрүнүн бири Елдар Сапаров. Алматы облустук «Жарандык  альянс» жана консалтинг борборунун жетекчиси «коом» тармагы боюнча мыкты деп таанылган. Ал 2017-жылдан бери Өкмөттүк эмес уюмдарга кеңеш берүү борборуна башчылык кылып, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга өз салымын кошуп келет. Елдар Сапаров – коом активисти эле эмес, шаардагы эң жаш маслихат депутаты.

ЕЛДАР САПАРОВ, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

-Негизинен коомчулук бул долбоорду мага сунуш кылды. Бардыгы бир ооздон  колдоо көрсөтүп, 11 миңден ашык адам добуш берген. Анын жыйынтыгын көргөндө кубандым. Жалпы аткарылган иштин натыйжасы катары көрүндү. 100 жаңы ысым долбоорунда жеңүүчү болуу бир гана мактаныч эмес, бул чоң жоопкерчилик.

Айылдын катардагы карапайым үй-бүлөсүндө тарбияланган Куандык Канатовду бүгүнкү күндө жалпы казак эли тааныйт. «100 жаңы ысым» долбооруна катышкан «Чыгыш» аймактык тобунда кызмат өтөгөн ефрейторго 23 миң адам добуш берип, жеңүүчү аталган. Ал өткөн жылы Семейдеги жатаканалардын биринде чыккан өрт учурда куткаруучулар келгенче 15 адамды коопсуз жерге чыгарып, сактап калууга үлгүргөн.

АСАН ЖҮСИПОВ, «ЧЫГЫШ» АЙМАКТЫК КОМАНДАЧЫЛЫГЫ АСКЕРЛЕРИНИН КОЛ БАШЧЫСЫ:

-Ал өз өмүрү менен үй-бүлөсүн ойлобостон, жардамга муктаж адамдарды көздөй умтулду. Кырдаал абдан татаал болгон. Бирок Куандык тез арада мыкты чечим кабыл ала билди. Бул анын кесипкөйлүгүнүн жана адамгерчилигинин бийиктиги деп билебиз. Ал биздин сыймыгыбыз.

КУАНДЫК КАНАТОВ, АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ:

-100 жаңы ысым долбоорунун жеңүүчүсү аталганыма кубанычтамын. Ал мага кошумча жоопкерчилик жүктөдү.

Фото: taldyk.info