«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүлөрү: Асел Баймуканова, Дина Байтасова

«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү аталуу чоң жоопкерчилик, - дешет сынактын катышуучулары. Алардын катарында мугалим, дарыгер, спортчу, ишкер сыяктуу бардык тармактын адистери бар. Бул тизмедеги жарандардын ар бири коомго сиңирген эмгеги аркылуу таанылды. Алардын бири жаныбарлар дүйнөсү, тюлень популяциясынын жигердүү коргоочусу, жаш эколог Асел Баймуканова.

АСЕЛ БАЙМУКАНОВА, ЭКОЛОГ   

-Мен 6 жылдан бери Каспий деңизиндеги тюлендерди изилдеп жүрөм. Биринчи жолу Каспий деңизинде тюлендерди көрдүм, ошондой эле, алардын жаныма сүзүп келген учурлары да болду. Алар мени менен саламдашып жаткандай сезилди. Тюлендер абдан акылдуу, сезимтал, ар бир нерсеге кызыгуу менен караган суу жаныбары. Ошондон тарта мен тюлендерге камкордук кылып, алардын Каспий деңизинде популяциясынын көбөйүүсүнө колдон келишинче күч жумшап, куткаруу керек экендигин түшүндүм.

«Казакстандын 100 жаңы ысымы» сынагынын жеңүүчүлөрүнүн катарында Дина Байтасова да бар. Чет элдин негизги окуу жайларында билимин чыңдаган өнөр таануучу келечекте маданият менен өнөрдү өркүндөтүүнү каалайт. Учурда өлкөдө жаш өнөрпоздор менен сүрөтчүлөргө колдоо көрсөтүүдө. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы заманбап кылкалем өнөрү менен тыгыз байланышкан. Улуу Талаа тууралуу тематикалык чыгармалары чет элдик сүрөт көргөзмөлөрдө коюлган. Учурда сүрөтчү «Арт шоу» фестивалын уюштурууну колго алды.

ДИНА БАЙТАСОВА, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ-2019» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

-Бул долбоор жаш сүрөтчүлөрдүн мыкты идеяларын ишке ашырууга, арт-өнөрдөгү маселелерди ачык айтууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө заманбап сүрөтчү жаңычылдыктарды алып келет. Ойлоп табуучу десе да болот. Биздин дүйнөнүн канчалык керемет экенин көрсөтө турган ар тараптуу инсан. Анткени чыгармачылык-бул биздин дүйнөбүздүн көрүнүшү. Кооздукту эле эмес, ошондой эле маселелерди да өнөр менен жеткирет. Азыркы учурда сүрөтчү - Казакстан тууралуу, анын маданияты тууралуу айта турган элчи.

Фото: Хабар 24