«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун 32 жеңүүчүсү аныкталды

«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун 32 жеңүүчүсү аныкталды. Алардын катарында түрдүү тармактын өкүлдөрү бар. Бардык катышуучуга 700 миңден ашык добуш берилген. Долбоордун үчүнчү этабына 2 миңге жакын өтүнмө келип түшкөн.

«Руханий жаңыруу» программасы алкагында колго алынган демилге ийгиликке жеткен жаш казакстандыктардын жашоосун башкаларга үлгү катары көрсөтүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга, эмгектенүүгө, атаандаштыкка туруктуу болууга чакырат.

РҮСТЕМ ЕРМЕКБАЙ, ИШКЕР:

- Эмгекти көрүп, баалап, жеңүүчү деп тапканы бул чоң колдоо. Казак стилиндеги кийимдерди тигебиз. Казакстан боюнча 250 миңден ашык кийим өндүрдүк. 20 шаарда 1200дөн ашык өнөктөшүбүз бар. Мен өзүм чет элде туулуп өскөм. Чоң энемдин оймо-чиймелерин көрүп, казак стилинде кийим тигүүнү кыялдангам. Компаниямды ачканда капчыгымда 35 миң теңге болгон. Азыр ири холдингге айландык.

Фото: Казинформ