Руханий жаңыруу: Кабанбай баатыр айылындагы орто мектепке 70 жыл толду

Кабанбай баатыр айылындагы №41 орто мектепке 70 жыл толду. Бүгүнкү күндө мында 1200 окуучу билим алат жана 100дөн ашык мугалим эмгектенет. Бүтүрүүчүлөр арасында  ата мекенге, чет элге белгилүү кызматкерлер менен илимпоздор бар. Билим сапаты жогору. Окутуунун өзгөчө ыкмалары жана эң башкысы каада-салттарды туу тутуу - мектептин башкалардан негизги айырмачылыгы, - дешет педагогдор.

БОТАКОЗ СУЛЕЙМЕНОВА, №41  С. КАБАНБАЙ БААТЫР ОРТО МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ

- 1956-жылы мектеп аттестат алган өзүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурган. Быйыл биз 64-бүтүрүүчүлөрдү чыгарабыз. Бул убакыт аралыгында атестатты 3150 бүтүрүүчү алды.

СВЕТЛАНА ЛУЗАНОВА, МЕКТЕП МУДҮРҮ (1986-2009):

– Мектеп ар дайым заман талабына ылайык. Усулдук билим берүү жагынан таяныч мектептердин бири жана ал азыркыга чейин сакталууда.  Ал Инклюзивдик билим берүү боюнча негизги болуп саналат.

САГЫНДЫК ЖАНБОЛАТОВ, МЕКТЕП БҮРТҮРҮҮЧҮСҮ

Ал убакта мектеп чакан болчу. Кийинчерээк дагы бир мектеп курулду. Чоң мектеп пайда болгондо мен 6-7-класста элем. Чындыгында биз аны сагынабыз. Биздин мектеп дайыма өзгөчө.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасында мугалим адистиги артыкчылыкка ээ. Муундардын жолун жолдоо, мурасты сактоо жана салттарга берилгендик... "Руханий жаңыруунун" бул принциптерин аталган мектептин дубалдарынан көрүүгө болот. Бүгүн күндө мугалимдик жамаатта 23 бүтүрүүчү эмгектенет.

Фото: kopilkaurokov.ru