«Алтын Ордо» мезгилине таандык тарыхый-маданий эстеликтер комплекстүү изилденет

«Алтын Ордо» мезгилине таандык тарыхый-маданий эстеликтер комплекстүү изилденет. Азыр Европа өлкөлөрү менен Жапониянын мыкты илимий лабораторияларында Улуу Тоодогу Алаша хан, Жошы хан, Болган эне күмбөздөрүнө коюлган адамдардын келип чыгуу тегин, жашын аныктоо үчүн генетикалык талдоо жасалууда.

Карагандыда өткөн эл аралык илимий конференциянын жүрүшүндө чет элдик жана ата мекендик окумуштуулар өздөрүнүн ой пикирлери менен бөлүштү. Алсак, Болган эне күмбөзүнө жүргүзүлгөн археологиялык изилдөө учурунда аял адамдын кооз буюмдары, кийими, таза алтындан жасалган чөйчөк табылган. Бул Орусиядагы эрмитажда турган алтын идиштерге абдан окшош. Үч күндүн ичинде эл аралык конференциянын катышуучулары Улуу Тоо аймагына барып, тарыхый-маданий эстеликтер менен таанышат. Белгилей кетсек, иш-чара «Руханий жаңыруу» программасы алкагында «Алтын Ордонун» 750 жылдыгына карата уюштурулду.

БЕРИК АБДЫГАЛИ, УЛУУ ТОО РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Биз жалаң эле казак хандыгы менен чектелбейбиз. Биздин казак хандыгына чейин жерибизде бир катар мамлекеттер болгон. Мунун баары биздин мурас болуп саналат жана биз аны сакташыбыз керек. Ошол тарыхыбызды аң сезимибизге сиңирүүбүз керек. Чыңгыз хан, Жошы хан түзгөн империянын мураскору болуп эсептелебиз. Ага ылайык иш-чаралар уюштурулуп, тарыхый эстеликтерибизди калыбына келтирсек, бул да бир калктуу конуштун, аймактын өнүгүүсүнө өз салымын кошот. Жолдор оңдолот, туристтер келе баштайт. Биз үчүн мунун экономикалык жактан пайдасы бар.

Фото: Хабар 24