Орусияда заманбап казак адабиятынын антологиясынын бет ачары өттү

Орусияда заманбап казак адабиятынын антологиясынын бет ачары өттү. Поэзия менен проза чыгармалар жыйнактарын Москва мамлекеттик университетинин басмаканасы орус тилине которуп, басып чыгарган. Иш-чарага Орусия жазуучулар биримдигинин жетекчилери, котормочулар, адабий редакторлор менен сынчылар катышты. Бул долбоор – «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында ишке ашты.

АИДА БАЛАЕВА, РК ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Эң башкысы – адабиятыбызды катары калың окурманга жеткирүү. Көздөгөн максатыбызга жеттик. Эң белгилүү авторлорубуз, анын ичинде жаш муун да, орто муун жана классиктерибиз да бар. Аталган авторлорубуздун чыгармалары аркылуу өлкөбүз жөнүндө кенен маалымат ала алышат деп ишенем. Адабият аркылуу улуттун болумушун, мүнөзүн, салт-санаасын билүүгө болот. Биз максатыбызга жеттик деп айта алам.

АЛЕКСАНДР ВЕРАКСА, ММУ БАСМА ҮЙҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Бул жумушка Москва университети катышканына абдан кубанычтамын. Биздин негизги милдеттерибиздин бири – жаш муунду тарбиялоо, башкача айтканда аларды үлгү боло турган маданий ийгиликтер менен тааныштыруу.

Басылып чыккан антологиянын орус тилиндеги нускалары ушул тилде сүйлөгөн 14 өлкөнүн үч жарым миң китепканасы, университети менен илимий борборлоруна жеткирилет.

 

ВЛАДИМИР БОЯРИНОВ, ОФ ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН МОСКВА ШААРДЫК УЮМУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Акын же таланттуу жазуучу сөз айтканда анын үнү элге угулат, анткени ал өзгөчө баяндап айтат. Бул окурмандардын жан дүйнөсүнө сиңет. Эң башкысы окурманын табуу. Ошондуктан, бүгүн залда отурган 100 адам ушул адабиятка кулак төшөп, биздин китептерибизди алып жатат. Эл муну угуп, анын артынан ээрчийт.

«Заманбап казак маданиятынын дүйнөдөгү орду» долбоорунун алкагында казактын адабий чыгармалары БУУнун расмий 6 тилине которулду. Буга чейин антологиялардын тушоо кесүү аземи Мадрид, Париж жана Лондондо өткөн. Жыйнактар дүйнөнүн 90 мамлекетине таратылат. Бул – ушул өлкөлөрдө жашаган 2 жарым миллиард эл казактын төл адабиятынын берметтери менен азыктана алат деген сөз.

Фото: Казинформ