Казакстандын 100 жаңы ысымы долбоорунун үчүнчү этабы башталды

Бүгүн Казакстанда «100 жаңы ысым» долбоорунун үчүнчү этабына өтүнмө кабыл алуу башталды. Быйылкы долбоор жаштар жылына арналат. Ага 39 жашка чейинки Казакстандын жарандары катыша алат. Ушундай шарттарда, илим-билими жогору, мыкты адис, чындыгында үлгү боло ала турган жаштар көпчүлүккө даңазаланат. Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин демилгесин өткөн жылдардагы эң жигердүү жеңүүчүлөрдөн турган «Бюро 100» командасы колдоп жатат. Алар сынакка эң ылайыктуу талапкерлерди издештирүү үчүн Казакстандын бардык аймактарына барууну көздөшөт. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу тогуздун айынын жыйырмасына чейин уланат. Долбоордун натыйжалары бештин айында Эл башынын катышуусу менен өтө турган бет ачар аземинде жарыяланат. Белгилей кетсек, эки жылда бул долбоорго 5 миңге жакын адам катышкан.

ДАУРЕН АБАЕВ, РК МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Чоң долбоорду баштап жатабыз. Өзүңүздөргө жакшы белгилүү болгондой, мындан эки жыл мурда Эл башы «Руханий жаңыруу»  аттуу программаны баштаган. Анын алкагында биз «100 жаңы ысым» долбоорунун 3-этабын баштап жатабыз. Аталган долбоор коомчулуктун өнүгүшүнө эң жакшы таасир берүүдө. Ошондуктан ушул долбоорду улантууну туура көрдүк.

Фото: Акорда