Казакстанда «JasА» долбоору колго алынды

Казакстанда «JasА» долбоору колго алынды

Жаштардын коомдук жигердүүлүгү менен жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу. Ушул максатта өлкө деңгээлинде «JasА» долбоору колго алынды. Маанилүү демилге жаштардын өз чөйрөсүндө, башкача айтканда, жашап жаткан шаары менен чөлкөмүн жакшыртууга арналган жаңычыл көз карашы менен жаңы ойлорун ишке ашырууга багытталган. Долбоор бир нече кезеңди камтыйт. Алгач, мыкты демилгелер тандалат. Бүгүнкү күндө 120 өтүнмө келип түшкөн. Бул үч миң жигердүү жаштардын башын бириктирген топтук жумуштар. Алдыда алар талданып, мыкты делген долбоорлорду каржылай колдоого 100 грант бөлүнөт. Ар бир жумуш башынан аягына чейин, долбоор ишке ашканча ар тараптан колдоолор болот. Азыр ушул иште башкаларга багыт көрсөтүп, кеңеш бере турган долбоор жетекчилери окутулуп жатат. Ушул багытта Нур-Султан шаарында өлкөнүн ар кайсы аймагынан 70ке жакын ыктыярчы чогулган.

САЯ САГЫНГАЛИЕВА, УСТАТ / АКТӨБӨ ОБЛУСУ:

- Жалпы, Актөбө облусу боюнча 50дөн ашуун долбоор сунушталып жатат. Аймактагы жаштардын көп бөлүгү жаштардын кайрымдуулук иш-чаралары менен ыктыярчылар кыймылын өрчүтүү жана айыл-аймактардагы жаштардын бош убакыттарын эффективдүү пайдаланууга багытталган долбоорлорун сунуштап жатышат. Биздин милдетибиз - ушул жерден алган-билгенибиз аркылуу алты ай бою ошол жаштардын долбоорлорун ишке ашырууга жардам берип, багыт көрсөтүү, кеңеш берүү жана аларды ар тараптан колдоо.

Фото: Хабар 24