«Жөнөкөй заттардын экономикасы» программасы боюнча 100дөн ашуун долбоор жактырылды

«Жөнөкөй заттардын экономикасы» программасы боюнча 100дөн ашуун долбоор жактырылды

Казакстанда жаңы өндүрүштөр түзүлөт. «Жөнөкөй заттардын экономикасы» программасы боюнча 100дөн ашуун долбоор жактырылды. Ишкерлерге жалпы көлөмү 44  миллиард теңгелик  насыя берилди. Мамлекет тарабынан каралган каржынын жалпы көлөмү – 600 миллиард теңгени түзөт жана ал алдыдагы жылга чейин толук өздөштүрүлүшү керек. Негизинен иштетүү өнөр жайын, агро өнөр жай  комплексин жана тамак-аш өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталат.

НАЗИРА КАДЫРОВА, РК ИИӨМ КОМИТЕТИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жеңилдетилген насыянын көлөмүнө тиешелүү так чектөө жок. Эгер иштетүү өнөр жайы тармагындагы долбоордун баасы 500 миллион теңгеден ашса, тиешелүү министрликтерден аны макулдаган документ керек болот. 

Программага чакан жана орто бизнес субъекттери да, ири бизнес өкүлдөрү да катыша алат. Ата мекендик өнүмдү керектөөнү туура көргөн казакстандыктардын саны өсүп келүүдө. Бут кийим чыгарган бул цехтин иштеп жатканына быйыл үчүнчү жыл. Таза булгаарыдан тигилген өнүмгө суроо-талап көп, азыр бул жерде айына 1 миң даана бут кийим тигилет.

ДАУРЕН РАМАНКУЛ, ЦЕХТИН УЮМДАШТЫРУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ:

- Биздин алдыдагы максатыбыз чоң. Эң биринчи мерчемибиз айына 5 миң жуп бут кийим даярдоо. Ал бут кийимдерди өлкөнүн ичинде гана сатуу менен чектелбестен, чет өлкөгө да жиберүү көздөлүүдө. Ал биздин эң жакын коңшуларыбыз Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан мамлекеттери.

Батыш Казакстан облусунда «Жөнөкөй заттардын экономикасы» программасынын алкагында макарон өнүмдөрүнүн өндүрүшү, кымыз жана желим идиш өндүрүштөрү ишке кошулат. Ишкерлер жалпы саны 80ге жакын бизнес-долбоор сунуштаган. 

МАРАТ НУРГУАТОВ, ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН БКО БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Ишкерлердин алдында азыр чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Башкача айтканда, азыр алар «Өндүрүш» программасын, болбосо 2025-жылга чейин узартылган «Бизнестин жол картасы» программасын тандай алышат. Тагыраак айтканда, сиз бизнес мерчем жасасаңыз, ошол боюнча ушул үч программанын ичинен өзүңүзгө керектүүсүн тандайсыз. Биз ишкерлер палатасы долбоордук кеңседе керектүү колдоо көрсөтөбүз.

«Жөнөкөй заттардын экономикасы» программасына Жамбыл облусунда аймактын 130дан ашуун бизнес өкүлү катышууга камынууда.

ДАМИР ЕГИЗБАЕВ, ИНВЕСТОРЛОРГО КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ, ДОЛБООРДУК БАШКАРУУ ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жөнөкөй заттардын экономикасы биздин эсебибиз боюнча облустун экономикасын өнүктүрүүгө чоң таасир берет. 75-78 миллиард теңгелик кошумча өнүм чыгарылат. Облуста ички дүң өнүм көрсөткүчү 5 пайызга өсөт.

Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 300 миллиард теңгелик 200гө жакын долбоор каралып жатат. Серепчилердин айтымында, программаны ишке ашыруу эсебинен 2025-жылга карай республика импортунун үлүшү 37 пайызга чейин кыскарат.

Фото: egemen.kz